2020–ж. 9-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

09 декабря 2020

                                                                                                Өткөрүү датасы: 09 декабрь 2020-ж.

                                                                                               Убактысы:  17:00                                                                                                                                                                                                                 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Чүй облусунун Чүй райондорунун айматарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

(баядамачы – Закиров А.М.., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Токтогул жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баядамачы – Закиров А.М.., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

3. 2020-жылдын 3-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак  районунун Көк-Арт  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө.

(баядамачы – Закиров А.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

4. Ормуков Темирлан Иниятовичтин арызы жөнүндө

(баядамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздо бөлүмдүн башчысы)

 5. КР Президенттин кызмат ордуна талапкер К.А. Токтосуновдун кол коюу барактары жөнүндө.

(баядамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздо бөлүмдүн башчысы)

6.  Ар түрдүү маселелер