КР БШК И.Ш. Товкеевдин документтерин кайтарып берди

07 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 7-декабрындагы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун
жетекчиликке алып, ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө берилген арыздын негизинде КР Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн Товкеев Ильгиз Шамшытбековичтин арызын канааттандыруу жана документтерин кайтарып берүү, анын шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
И.Ш. Товкеев КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 12-ноябрда арыз берген, И.Ш. Товкеев 2020-жылы 7-декабрда өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз берген.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 6- бөлүгүнө ылайык Президенттин кызмат ордуна талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу.

БШК маалымат бөлүмү