БШК Э.К. Абакировдун ыйгарым укуктуу ѳкүлүн каттады
07 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жанат референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 7-декабрында ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун финансы маселеси боюнча мурда дайындалган ыйгарым укуктуу ѳкүлүн чакыртып алуу жана финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүн дайындоо жѳнүндѳ 2020-жылдын 5- декабрындагы арызынын негизинде токтом кабыл алды:
1. Мурда берилген ыйгарым укуктуу ѳкүлүн каттоо күбѳлүгүн анык эмес деп таануу менен КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Кадыракунова Айнура Мелисовнаны каттоо жокко чыгарылсын.
2. КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн белгиленген үлгүдѳгү каттоо күбѳлүгүн берүү менен Кулжанова Динара Кувайбековна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү болуп катталсын.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчликке алып кабыл алынган.
БШК маалымат бѳлүмү
