Доулбеков Нурлан Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайланды
07 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-декабрдагы жыйынында 2020-жылдын 2-декабрында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын бекитүү токтомун кабыл алды. Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү КР Боршайкомунун 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 309 токтому менен дайындалган.
Таш-Көмүр шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Орозбаев Эрк Нарынбекович «Таш-Көмүр жаштары», Доулбеков Нурлан Турсуналыевич «Ата-Журт», фракцияларынын депутаттарынан көрсөтүлгөн.
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 2-декабрындагы протоколу менен шайлоонун жыйынтыгы аныкталган. Добуш берүүдө Таш-Көмүр шаардык кеңешиндеги 31 депутатын 29 депутаты катышкан. Э.Н. Орозбаев 11 добуш, Н.Т. Доулбеков 18 добушка ээ болгон. "Бардыгына каршы" позициясына 0 добуш болду.
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 2-декабрындагы протоколу менен Доулбеков Нурлан Турсуналыевич Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
БШК тарабынан бул чечим Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
