Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат

07 декабря 2020

2020-жылдын 7-декабрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө маалымат.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болууга талапкер катары жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабына көрсөтүлгөн Эрмек Ормонбек уулу катталган.

Добуш берүүгө Гүлчө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18и катышып, Ормонбек уулу Эрмек 10 добушка ээ болгон. "Бардыгына каршы" позициясына 8 депутат добуш берген.

Айыл өкмөттүн башчысы болуу үчүн шайлоого талапкер катары катышкан Ормонбек уулу Эрмек талап кылынган сандагы добуш ала албагандыктан, шайлоо жарабай калды деп табылды.

КР Маалыматтык бөлүмү