БШК Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди
06 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-декбарындагы жыйынында Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды:
- «Патриот» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кан Люба Михайловна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмоналиев Замир Турсунбекович комиссиянын курамынан чыгаруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Өмүркулов Имаш Бабаевич, Исакова Гульнара, Бондаренко Юлия Анатольевна, Бейшенов Аскар Анарбекович комиссиянын резервинен чыгаруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асанакунова Чолпон Ташпаевна, Маринина Ольга Александровна резервден комиссиянын курамына киргизүү.
Чечим Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу боюнча Л.М. Кандын, З.Т. Османалиевдин арыздарынын, Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгуу боюнча И.Б. Өмүркүлованын, Г. Исакованын, Ю.А. Бондаренконун, А.А. Бейшеновнанын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынган.
КР БШК маалымат бѳлүмү
