Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
03 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болгондугун тааныган токтом кабыл алды.
2020-жылдын 10-ноябрында КР Боршайкому №301-токтому менен Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындаган. 30-ноябрда Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кочкор айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир талапкер – Кочкор айылдык кеңешинен көрсөтүлгөн Мирлан Исраилов катталган.
Добуш берүүгө Кочкор айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы каьышып, М. Исраилов 15 добушка ээ болду, “бардыгына каршы” позициясына 5 депутат добуш берди.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-ноябрдагы протоколу боюнча Мирлан Исраилов Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгына арыздар, даттануулар түшкөн жок.
БШК Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-ноябрындагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелеринин, “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык чечим кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
