БШК 60 шайлоо участогунун чек араларына жана схемасына өзгөртүүлөрдү киргизди

03 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында Баткен облусунун Кадамжай районундагы, Кызыл-Кыя, Баткен шаарларындагы, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун, Токмок шаарынын, Чүй облусунун Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Москва райондорунун, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун 60 шайлоо учактогунун чек араларына жана схемаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү токтомун кабыл алды.

Бул токтом Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай, Ноокен, Базар-Коргон, Ош, Кара-Суу, Ноокат, Токмок, Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Москва, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды. Аталган аймактык комиссиялар өз чечимдерин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын КР БШКнын 2020-жылдын 20-январындагы №5-токтому, 2020-жылдын 30-январындагы №14-15-17-18—20-токтомдорунун жана 2020-жылдын 20-мартындагы №83-токтому менен бекитилген 60 шайлоо участокторунун чек араларына, схемаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кайрылууларынын негизинде чечим кабыл алышкан.

БШК ошондой эле 13 жаңы шайлоо участокторун түзүү чечимин кабыл алды. Алар Кызыл-Кыяда (1), Баткен облусунун Кадамжай районунда (1), Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда (1),  Ош шаарында (4), Ош облусунун Кара-Суу районунда (5), Ноокат районунда (1) түзүлүп, алардын чек аралары жана схемалары бекитилмекчи.

Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-5-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 13-беренесине ылайык кабыл алынды.

Боршайком тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына кайрадан түзүлгөн шайлоо участокторунун курамын жана резервин түзүү, ошондой эле жергиликтүү бийликтер менен биргеликте шайлоочулардын арасында кайрадан түзүлгөн шайлоо участокторунун даректери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү