2020-жылдын 3-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат

03 декабря 2020

Мэрлик кызматка 2 талапкер: Ормоков Эрнисбек Абдижалилович «Ак-тилек» депутаттык фракциясынан, Зияйдинов Эрнист Эгенбердиевич «Республика» депутаттык фракциясынан көрсөтүлгөн.

Добуш берүүгө Жалал-Абад шаардык кеңешинин 31 депутатынан 28 депутаты катышкан. Э. Зияйдинов - 0 добушка, Э. Ормоков - 28 добушка ээ болгон.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Ормоков Эрнисбек Абдижалилович шайланды.
БШК Маалыматтык бөлүмү