Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды

02 декабря 2020

2020-жылдын 13-ноябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын &311-токтому менен Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 2-декабрына дайындалган. Бир дагы талапкер катталбагандыктан шайлоо болбой калды.

БШК Маалыматтык бөлүмү