БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Шер-Нияздан арыз келип түштү
12 ноября 2020
2020-жылдын 12-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1969-жылдын 10-мартында туулган, убактылуу иштебей жүргѳн Садык Шер-Нияз арыз менен кайрылды.
2020-жылдын 12-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 17 арыз келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова).
БШКнын маалымат бѳлүмү
