БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э. Турдубековадан арыз келип түштү
12 ноября 2020
БШКга 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары өзүн көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1971-жылы туулган, Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы Элеонора Маратовна Турдубековадан арыз түштү.
12-ноябрга карата Боршайкомго Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү талапкер көрсөткөн 16 жарандан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров) арыз түштү.
БШК Маалыматтык бөлүмү
