БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Н.А. Мотуевден арыз келип түштү

06 ноября 2020

2020-жылдын 6-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1969-жылдын 10-декабрында туулган, убактылуу иштебеген Мотуев Нурлан Аманканович арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 6-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 9 арыз келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев).

БШКнын маалымат бѳлүмү