БШКга К. К. Исаевден Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер болуу үчүн өзү-өзү көрсөткөн арызы келип түштү
04 ноября 2020
2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1975-жылдын 7-февралында туулган, депутат Исаев Канатбек Кедейканович Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин койгон арыз менен кайрылган.
Эске салсак, 2020-жылдын 4-ноябрына карата КР БШКсына Кыргыз Республикасынын 6 жаранынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү менен талапкерлигин койгон адамдардан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев) арыздар түшкөн.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
