КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү боюнча эки арыз түштү
31 октября 2020
2020-жылдын 31-откябрында Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1968-жылдын 28-апрелинде туулган, ЖЧК «Аурдин» директору Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтен КР БШКга арыз келип түштү.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1981-жылдын 29-сентябрында туулган,“Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” КФнын Башкаруунун төрагасы Чороев Кубан Аманбековичтен арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 30-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1965-жылдын 9-мартында туулган, «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич кайрылган.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү