2020-жылдын 5-октябрында саат 11:00гө карата АЭУдан бюллетендердин 98%ы иштелип чыкты

05 октября 2020

5-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекова бүгүн саат 11:00гө карата автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) бюллетендердин 98%ы иштелип чыккандыгын айтты.

“Шайлоо процессинин айкындуулугун камсыздоо үчүн добуш берүү аяктагандан кийин кол коюлган жана мөөр басылган АЭУ отчёттору катышып олтурган бардык байкоочуларга берилет. Шайлоонун биротоло жыйынтыктары кол менен саноонун жыйынтыктары боюнча чыгарылат”, - деп айтты ал.

БШК башчысы шайлоодо 1 млн 990 миң 753 шайлоочу добуш бергенин, бул шайлоочулардын жалпы санынын 56,50%ын түзөөрүн белгиледи.

Бардык шайлоо участокторунун 63%ы кол менен саноонун жыйынтыктарын беришти.

2 475 шайлоо участогунан 46сы боюнча кол менен саноонун жыйынтыктары азырынча жок.

КР ЖКга шайлоонун бюллетендердин иштелип чыкканына жараша реалдуу убакытта дайыма жаңыланып турган натыйжаларын төмөнкү шилтемелер боюнча көрсө болот:

http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do

http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJS

КР БШК маалымат бөлүмү