С. Анарбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды

30 сентября 2020

2020-жылдын 30-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына "Кыргызстан" саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Анарбаев Султанбек Сатывалдиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү