БШК Москва шаарында үчүнчү шайлоо участогун түздү

19 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Москва шаарында үчүнчү шайлоо участкасын түздү.

Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредитациядан өткөн мамлекеттер менен макулдашуу боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында түзүлөт.

Жаңы № 9052 шайлоо участогу Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсү, 64 дарегиндеги Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин аймагында жайгашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча Москвадагы туруктуу өкүлүнүн ишин уюштурган.

Ушул этапта, анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 42 шайлоо участкаларын бекитти.

Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 4 (төрт) кеңсеси - Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск жана Якутск шаарларында ачылат жана ал жактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары иштейт. Чет өлкөлөрдө дагы эки шайлоо участкаларын ачуу - Рим жана Париж шаарларында - ал жакта жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны көп болгондуктан, аккредитациядан өткөн өлкөлөр менен макулдашылып жатат.

Мыйзамга ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтарда каттоодо турган жарандар автоматтык түрдө тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

КР БШК маалымат бөлүмү