Башкы Жаңылыктар Боршайком эл аралык коомдук байкоочуларга шайлоолордун ачыктыгын жана …

Боршайком эл аралык коомдук байкоочуларга шайлоолордун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо жөнүндө айтып берди

16-Сен, 2020

16-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык коомдук байкоочулар жана саясый партиялардын байкоочулары үчүн, 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону ачык жана ишенимдүү өткөрүүнү камсыздоо маселелери боюнча брифинг өткөрдү.

КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына санариптик технологиялар кирип жаткандыгын, Кыргызстандын шайлоо моделинин артыкчылыктары, жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

“Шайлоонун ачык, акыйкат жана ишенимдүү өтүшүнө жетишүү үчүн Боршайком шайлоо процессине максималдуу түрдө санариптик технологияларды киргизип жатат. Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесин тузүү жана шайлоого катышуу биометрикалык каттоонун негизинде жүргүзүлөт, бул манипуляцияларды жасоодон алыс болуп, шайлоочулардын тизмесинин аныктыгын камсыз кылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө үчүн автоматтык түрдө эсептөөчү урналар жана кол менен эсептөө колдонулат. Тизме (https://tizme.gov.kg/) порталы иштелип чыгып, анда шайлоочулардын тизмеси облустар, гендердик, жаш курагы боюнча берилип, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинин статистикасын да камтыйт. Бул шайлоо учурунда жума сайын жаңыртылып, шайлоо аралыгындагы убакытта ай сайын жаңыртылып турат”, - деди Н. Шайлдабекова.

КР БШК жетекчисинин айтымында 4-октябрда өтө турган шайлоого даярдыктын жүрүшүндө “Шайлоочунун кабинети” сервиси иштелип чыкты.

“Бул сервис жарандардын шайлоо укуктарын активдүү ишке ашыруунун шарттарын жакшыртууну арыз берүүлөрдүн мүмкүндүгүн кеңейтүү аркылуу жардам берет. Системада электрондук катталууга берүү үчүн зарыл маалымат, берилген арыздарды иштеп чыгуунун абалы жөнүндө маалымат, шайлоочу бекитилген шайлоо участогу жөнүндө, эскертме жана орун алмашуулардын таржымалы сыяктуу маалыматтар камтылат”, - деди Н. Шайлдабекова.

“Боршайкомдун сайтында “Талапкерлер жана партиялар” деген бөлүм бар, анда алдыдагы шайлоого катышууга катталган партиялар менен талапкерлердин программалары жана алардын каржылык отчеттору тууралуу маалыматтар жайгашкан. Ошол эле жерден ар бир партия тууралуу жалпы маалымат алууга болот: байланыш маалыматтары, аймактык өкүлчүлүктөрү, жетекчи органдары, партиянын мүчөлөрүнүн саны, логотиптер, катталуу күнү, чакырыктары, шайлоого катышууларынын тарыхы жана башка маалыматтар жайгашкан. Шайлоонун маанилүү удулу партиялар менен талапкерлердин чыгымдарынын бардык беренелерин каржылоо булактарын көрсөтүшкөндүгү болуп эсептелет”, - деди КР БШК жетекчиси.

Шайлоо учурунда шайлоочуну идентификациялоого колдонулуучу жабдууга жана добуштарды автоматтык түрдө саноого өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

“Добуш берүү аяктаган соң маалыматтар автоматтык режимде БШКнын борбордук сервериндеги БАСка (Башкаруунун автоматтык ситемасы) байланыштын корголгон каналы аркылуу жиберилет. БАСтагы 97 пайыз маалыматтар участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүү аяктаган соң бир жарым сааттын ичинде келип түшөт. Ошол эле учурда добуш берүү учурунда күнү бою маалыматтар Маалыматтык шайлоо системасында жаңыртылып турат жана ал көпчүлүккө жеткиликтүү болот”, - деди БШК башчысы.

Брифингде 2020-жылдагы КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча маалыматтарды берүү жана агитация кампаниясынын жүрүшүндөгү өзгөчөлүктөр да айтылды.

“Азыркы шайлоо кампаниясынын алкагында абдан маанилүү жаңылык инклюзивдик компонентти күчөтүү болуп калды. Талапкерлер, саясый партиялар агитациялык материалдарды сурдокотормочунун жардамы же субтитр колдонуу менен, окууга ыңгайлуу чоңойтулган тамгаларды колдонуу, ошондой эле Брайль тамгаларын колдонуп же дагы башка атайын каражаттарды колдонуу менен ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгу чектелген жарандар үчүн, агитациялык материалдардын жалпы санынын бир пайыздан кем эмесин ушундай чыгарууга милдеттүү болушту”, - деп айтып берди эксперт Тагай Абдысатаров.

Ал добуш берүү үчун имараттагы жабдуулар (столдор, кабиналар, добуш берүү үчун ящиктер), ошондой эле маалыматтык стенддер добуш берүүнүн жашыруундугун сактоого жетишүү менен жайгаштырыла тургандыгын белгиледи. Добуш берүүчү кабиналар кресло-коляска колдонгон шайлоочулар тоскоолдуксуз кирип-чыгуусу үчүн ыңгайлуу болушу жана оптикалык түздөө каражаттары менен (лупалар, жарыгы менен лупалар жана башка), кошумча жарык, стул, атайын трафарет менен жабдылышы керек.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>