“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат
14 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын жараны Д.З. Жусуповдун арызын карады, анда ал саясий партиялардын мыйзамга каршы үгүт жүргүзүү маселесин карап, тийиштүү чара көрүүнү өтүнгөн.
Берилген арызда белгиленген чектөө чараларына карабастан, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы концерт өткөрүп жатканы тууралу Vesti.kg маалымат агенттиги жарыялаган жаңылык жөнүндө айтылат. Бул концерт тууралу Supernews.kg ресурсунда дагы материал жарыяланган. Арыз ээси “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 2-пунктун бузуу орун алган деп эсептейт. Ошондой эле арыз ээси ырчы кыздын жаш курагын териштирип, баа берүү зарыл экендигин көрсөткөн.
Арыз ээси, ошондой эле “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу орун алганын көрсөткөн, бул партия плакатта 18 жашка чыга элек баланын сүрөтүн пайдаланып, “Балага сүйүнчү” боюнча маселени шайлоо алдындагы программасында чагылдырган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ менен шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу топтун биргелешкен жыйналышынын жүрүшүндө алдын ала кароодо арыз ээси Д.З. Жусупов, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Токтакунова, “Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Абельдиева катышты.
Жумушчу топтордун биргелешкен жыйналышынын жүрүшүндө “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Токтакунова менен аталган партиядан талапкер Канат Азиз көрсөтүлгөн иш-чара саясий партиянын талапкерлеринин бири К.Исмамбетов тарабынан Нарын облусунун Баетов айылында өткөрүлгөнүн танышкан жок. Бирок саясий партиянын жетекчилиги ал үгүт иш-чара тууралу кабардар болбогонун айтышты.
Аткаруучу кыздын жаш курагына байланыштуу ыйгарым укуктуу өкүл Т. Токтакунова видеодон анын жаш курагын аныктоо мүмкүн эмес экендигин айтып, жоопкерчилик чараларын “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер К.Исмамбетовго карата колдонууну суранды.
Экинчи эпизод боюнча “Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Абельдиева 18 жашка чыга элек баланын сүрөтү пайдаланылган “Балага сүйүнчү” плакаты боюнча маселе шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу топтун жыйналышында мурда каралып, “Кыргызстан” саясий партиясына эскертүү берилгенин билдирди. Бузуу четтетилип, “Балага сүйүнчү” деген бардык плакаттар партия тарабынан жок кылынган.
Жумушчу топтор тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, берилген документтерди изилдеп, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан төмөнкү негиздер боюнча конституциялык Мыйзамдын ченемдерин бузуу орун алган деген чечимге келген:
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
2) үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, теледебаттарды) өткөрүү аркылуу;
3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;
4) конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.
Мында конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 2-пункту менен стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө, ошондой эле спорттук иш-чараларды, концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн экендиги белгиленген. Ушуга окшош ченем “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобонун 10-пунктунда дагы белгиленген.
Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдойт жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт.
Талапкер, саясий партия конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда, шайлоо комиссиясы аларга укук бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28-беренелерин, “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Жумушчу топтор Борбордук шайлоо комиссиясына “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү сунуш кылды.
БШК жыйналышында талапкер К.Исмамбетовдун маалыматы угулду, ал шайлоочулар менен жолугушууда ага билгизбей туруп музыкалык аткарууга жол берилгенин, аны ал токтотконун мойнуна алды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы материалдарды карап чыгып, тараптардын жүйөлөрүн угуп, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына эскертүү бербөө, бирок “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер К.Исмамбетовду үгүттөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарды.
КР БШК маалымат бөлүмү