БШК "Социал-демократтар" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

03 сентября 2020

Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында "Социал-демократтар" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин карады. 

Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Социал-демократтар" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Осмонбаев Улан Калыбаевичтин, Сатаров Аскат Токтосуновичтин жана Нурланов Эрмек Нурлановичтин жеке арызынын негизинде аны чыгаруу чечими кабыл алынды.

БШК «Социал-демократтар» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоону чечти.

КР БШК маалымат бөлүмү