БШК "Ыйман Нуру" адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

03 сентября 2020

3-сентябрдагы отурумда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жөнүндө маселени карады.

Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып; "Ыйман Нуру" адилеттик жана өнүгүү саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Тулебердиев Ренат Темирбековичтин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызынын негизинде аны чыгаруу чечими кабыл алынды.

БШК «Ыйман Нуру» адилеттик жана өнүгүү саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоону чечти.

КР БШК маалымат бөлүмү