КР БШК КР ЖК депутаты Жунус уулу Алтынбектин ыйгарым укуктарын токтотту
28 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августтагы өз жыйналышында “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунус уулу Алтынбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом А. Жунус уулунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунус уулу Алтынбектин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
