БШК саясый партияларга пандемия учурунда сьезддерди өткөрүү боюнча сунуштарын айтты

17 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-августтагы партиялар менен болгон коомдук диалогдо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтө турган сьезддерди өткөрүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча бир катар сунуштарын билдирди.

Партиялар сьезддерин офлайн режимде өткөрө турган болсо, жарандардын ден соолугун сактоо үчүн сьезддердин делегаттарын партиянын биринчи/аймактык бөлүмдөрүнөн санын азайтуу (эгер ушундай мүмкүндүк партиянын уставында каралган болсо) мүмкүндүгүн кароо; партиялардын сьезддерин имараттан тышкары (ачык аба алдында) өткөрүү сунуштары айтылды. 

Эгер сьезддер офлайн өтө турган болсо, партияларга төмөнкүдөй сунуштар берилди:

1. Партиянын сьезди өтө турган имараттын микроклиматынын көрсөткүчтөрүнө сунуштар:

- сьезд башталаар алдында имараттын ичин, иш учурунда колдонула турган бардык буюмдардын, эмеректердин үстүн жакшылап дезинфекциялап чыгуу;

- эгер желдетүү системасы иштебесе, имараттын ичин ар бир саат сайын желдетип туруу;

2. Санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарын сактоо үчүн шарттарды түзүү:

- кире бериште санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен сьезд өткөрүүнүн эрежелерин жайгаштыруу;

- колдорду тазалоо үчүн кире бериште жана имараттын ичинде санитайзерлерди колдонууну камсыз кылуу;

- сьезддин бардык катышуучуларынан милдеттүү түрдө бет каптарды же респираторлорду тагынуусун талап кылуу;

- сьезддин бардык катышуучуларын мүмкүнчүлүккө жараша бир жолку бет каптар жана перчаткалар менен камсыздоо;

3. Партиянын сьезди боло турган имаратка кире бериш жерде “кирүү фильтрин” уюштуруу:

- сьезддин катышучусу киргенде байланышсыз ыкма менен анын дене табын ченөө;

- имараттын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма сиңирилген атайын килемченин болушу;

4. Элдин массалык чогулуусунун алдын алып, социалдык дистанцияларды кармануусу:

- сьезд өтө турган имараттын ичине аралыкты сактоо боюнча белгилерди коюу;

- сьезддин бардык процедураларын өткөрүү учурунда сьездге катышуучулардын аралыгын (1,5 – 2 метр аралык) сактоону камсыз кыла турган жооптуу адамдарды дайындоо.

Сьезд бүткөн соң пайдаланылган бет каптар менен перчаткаларды утилдештирүү сунушталды.