“Кыргызстан” партиясынын шайлоо боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

17 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 17-августтагы жыйынында «Кыргызстан» саясый партиясынан Баетов Аяз Батыркуловичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосун жокко чыгарган чечим кабыл алынды.
 

Бул чечим 13-августта келип түшкөн «Кыргызстан» саясый партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде кабыл алынды.

«Кыргызстан” саясый партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абелдиева Эльвира Тилековнаны  КР БШКсы каттады.