«Мекенчил» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга кабарлама берди
04 июля 2020
4-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ «Мекенчил» саясий партиясынын жетекчиси К.К. Ташиев кол койгон кабарлама келип түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Рысбаева Асел Алишеровнаны, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Тологонова Аида Бейшеналиевнаны дайындаган.
Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.
КР БШК маалымат бѳлүмү
