КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү
04 июля 2020
КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү
2020-ЖЫЛДЫН 4-ИЮЛУ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-июлдагы жыйынында тѳмѳндѳгү беш жумушчу тобун түзүү боюнча чечим кабыл алды:
- шайлоочуларды жана башка шайлоо процессинин субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ;
-шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу;
- ыкчам таасир этүүнүн координациялык тобу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ.
Топтор Жогорку Кеңешке дептутаттарды шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланыштуу тѳмѳндѳгү максаттарда түзүлгѳн:
--Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ жарандардын аң-сезимдүү ѳз эркин билдирүүсүн жана айкындыкты камсыз кылуу,
- саясий партиялар үчүн бирдей жана акыйкат шарттарды түзүү,
- үгүт жүргүзүүдѳ жарандардын шайлоо укуктарын сактоо,
- мамлекеттик органдардын. жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын жана башка органдардын жана уюмдардын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу мүмкүнчүлүгү,
- республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоо үчүн кѳзѳмѳл, ошондой эле саясий партиялардын атайын эсептерин ачуунун, жүргүзүүнүн тартибине - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча отчеттулуктун эсебине кѳзѳмѳл жүргүзүү.
Ошондой эле КР БШК мүчѳлѳрүн жумушчу топторго тѳмѳндѳгү курамда бѳлүштүрүү чечилди:
- шайлоочуларды жана башка шайлоо процессинин субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко - А.Г. Бекматов, Г.К. Джурабаева, А.С. Сатыгулов;
-шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко - А.Т. Асаналиев, Б.С. Кадыров, Г.М. Баатырова;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобуна - Г.М. Баатырова, А.Т. Асаналиев, А.Б. Абдрахматова, Н.Т. Арипов;
- ыкчам чара көрүүчү координациялык топко - К.М. Осмоналиев, А.Ж. Эшимов, Г.К. Джурабаева, А.С. Сатыгулов, А.Б. Абдрахматова;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топко – А.Ж. Эшимов, А.Г. Бекматов, К.М. Осмоналиев, Б.С. Кадыров, Е.Ж. Джилкичиева, Н.Т. Арипов.
