Лолобаев Адыл Манасович Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды

01 июля 2020

Бүгүн 2020-жылдын 1-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо ѳткѳрүлдү.

Шайлоого катышуу үчүн  1 талапкер – «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»  фракциясынын ѳкүлү Лолобаев Адыл Манасович катталган.

Шайлоого Кара-Суу шаардык  кеңешинин 31 депутатынын 30 депутаты катышкан. Бир депутат катышкан эмес. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 1-июлундагы протоколуна ылайык, шайлоонун натыйжасы боюнча талапкер А.М. Лолобаев 30 добуш алган.

2020-жылдын 1-июлундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Лолобаев Адыл Манасович   Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды деп таанылды.