КР БШК жергиликтүү кеңештердин он жети депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

20 января 2020

2020-жылы 20-январда КР БШК Ак-Суу, Жумгал, Тогуз-Торо, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Токтогул жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ысык-Көл облусу:

  1. Амантуров Айбек Жолдубекович (Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акылбек Усупкожоевге өткөрүп берилди.
  2. Мусуралиева Зульфия Асанходжоевна (Ак-Суу районунун Теплоключенко айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кутман Ишенбаевге өткөрүп берилди.
  3. Осорбаев Айбек Таалайбекович (Ак-Суу районунун Теплоключенко айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кубанычбек Тыналиевге өткөрүп берилди.

Нарын облусу:

  1. Сыдыгалиева Эрке Рысбековна (Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Анарбек Сооронбаевге өткөрүп берилди.
  2. Санташов Тариэл Саллидбекович (Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Аскат Женишбековге өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусу:

  1. Оркошов Бекбоо  (Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жаңылбүбү Келгенбаевага өткөрүп берилди.
  2. Байназаров Манас Кенжебаевич  (Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Абдурашид Жантаевге өткөрүп берилди.
  3. Назаров Нурлан (Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Талантбек Худайбердиевге өткөрүп берилди.
  4. Нурматов Кадырбай Довутович (Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Азамат Усупбаевге өткөрүп берилди.
  5. Ажиев Эрлан Каныбекович (Ала-Бука районунун 1-Май айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Рахманберди Кожобековго өткөрүп берилди.
  6. Дадажанов Абдихахар Сайфидинович (Ала-Бука районунун 1-Май айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мадаминбек Кулуевге өткөрүп берилди.
  7. Базарбаев Омоналы Усманович (Ала-Бука районунун 1-Май айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Төрөгазы Салибаевге өткөрүп берилди.
  8. Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич (Ала-Бука районунун Көк-Таш айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жумабай уулу Мирсейитке өткөрүп берилди.
  9. Токтосунов Жолборсбек Абдыкапарович (“Республика-Ата-Журт” фракциясы, №1, Кочкор-Ата шаардык кеңеши). Мандат Кочкор-Ата АШК чечими менен саясий партиядан №7 талапкер Мурзабек уулу Жумабекке өткөрүп берилди.
  10. Сыдыков Медербек Абдыкалыкович (“Республика-Ата-Журт” фракциясы, №2, Кочкор-Ата шаардык кеңеши). Мандат Кочкор-Ата АШК чечими менен саясий партиядан №10 талапкер Нурбек Муталиповго өткөрүп берилди.
  11. Касымов Алмаз Рахматиллаевич (“Ата-Журт” фракциясы, №1, Токтогул шаардык кеңеши). Мандат Токтогул АШК чечими менен саясий партиядан №5 талапкер Мухиддин Курбановго өткөрүп берилди.
  12. Исмаилов Баходир Ибрагимович (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №2, Жалал-Абад шаардык кеңеши). Мандат Жалал-Абад АШК чечими менен саясий партиядан №19 талапкер Канатбек Турдукуловго өткөрүп берилди.

Нарын облусундагы жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:

Талапкер Токтобеков Жолдошбек Мухаммедович (Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңеши).

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү