Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдарга пландалган шайлоолордун графиги

16 октября 2019

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдары шайлоолордун графигин пландаштыруу.

2020-жылдын 12-апрели - 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо (алардын ичинен - 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Майлуу-Суу).

2020-жылдын 4-октябры –  Жогорку Кеңешке шайлоо.

2021-жылдын 11-апрели - 418 жергиликтүү кеңешке шайлоо, анын ичинде: 

-386 кеңешке шайлоо, алардын ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктайт (370 айылдык кеңеш жана 16 шаар: Бишкек, Нарын, Кара-Көл, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Талас, Өзгөн, Кант, Орловка, Кайыңды, Шопоков, Кербен, Кочкор-Ата, Чолпон-Ата).

-ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктай турган  32 кеңешке шайлоо (26 айылдык  кеңеш жана 6 шаар: Жалал-Абад, Көк Жаңгак, Ноокат, Кемин, Кадамжай, Айдаркен)

2021-жылдын 10-октябры –  4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (3 айылдык кеңеш жана 1-Кара-Суу шаары).

2022-жылдын апрели – 16 кеңешке (3 шаар –Таш-Көмүр, Кара-Балта, Токтогул).

2022-жылдын октябры - 1 кеңеш,

2023-жылдын апрели – 14 кеңеш,

2023-жылдын октябры – 1 а/к Саруу айылдык кеңешине шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүү жылында аяктагандыктан, Президентти шайлоо менен бирге өткөрүлөт.

2020-жылдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кыйла убакыт талап кылынат жана кезектеги шайлоолордун мөөнөттөрүнүн сакталышын эске алып пландалган.

БШКнын жалпы чыгымдары 2020-жылы  928 млн. сомду түзүп, анын ичинен:
560 млн. – ЖКга шайлоолорго чыгымдар,
60 млн. шайлоого даярдык көрүүгө жана 2020-жылдын апрелинде жергиликтүү шайлоолорго (31 кеңеш),
197 млн. шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктардын өтүшүнө байланыштуу МККнын бюджетинен БШКнын бюджетине которуу,
100 млн.- БШК Аппаратынын учурдагы  бюджети.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү