Оморова Айнура Самыйбековна Саруу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды
07 октября 2019
2019-жылы 4-октябрда жаңы шайланган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат Үметалиева Шайымкүл ачты.
Төраганын кызмат ордуна 3 депутаттын – Узаков Капарбек Мокешовичтин, Иманалиев Канат Тойчубековичтин жана Оморова Айнура Самыйбековнанын талапкерлиги каралды.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча экинчи турда депутаттардын 21 добушунун 12 добушун алган Оморова Айнура Самыйбековна Саруу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн: Оморова Айнура Самыйбековна, 1967-жылы 20-ноябрда туулган, кесиби – врач, Жети-Өгүз Жалпы дарыгерлик практика борборунда иштейт, бир нече жолу чакырылган жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Эки баланын энеси.
Сессиянын алдында КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекованын, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими М.С.Раматовдун жана аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүнүн ж.б. катышуусунда Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган депутаттарга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болду.
Куттуктоо сөзүндө КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо – бул “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Жогорку Кеңеш кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон жакында киргизилген өзгөртүүлөрдөгү жаңы ченемдерди жана талаптарды колдонуу менен болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын биринчи шайлоо болгонун белгиледи:
1. Айылдык кеңештерде ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ын резервде калтыруу жөнүндө жол-жобо колдонулду;
2. Айылдык кеңештерге мыйзам менен белгиленген эсептик он эсе көрсөткүч өлчөмүндөгү (1 000 сом) шайлоо күрөөсү киргизилди;
3. Талапкерлердин билими, соттолгондугу, жарандыгы жана паспортунун катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды текшерүү мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн “Түндүк”электрондук тутуму аркылуу ишке ашырылды;
4. Депутаттыкка талапкерлер катталган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде коомчулук таанышсын үчүн өз программаларын беришти, алар КР БШКнын расмий сайтында жарыяланды жана шайлоо участокторунда илинди;
5. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана шайлоочуларды иденттештирүү боюнча иш-аракеттердин комплекси КРӨ МККдан БШКнын жүргүзүүсүнө жана жоопкерчилигине өтүүдө;
6. Шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралуу жарандарга маалымат берүү үчүн ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлүп, өз ишин жүргүздү, анын курамына КР БШКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, прокуратуранын, КР ИИМдин облустук жана райондук мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги кирди.
КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова талапкерлердин программаларын жарыялоо жарандардын депутаттар жөнүндө, жергиликтүү жамааттын маселелерин чечүү боюнча алардын көз караштары, мамилелери жөнүндө маалымат алуусун арттыруу үчүн маанилүү чара болуп саналарын белгиледи.
Депутаттын бир жылдын ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз катышпай коюусу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негизи болору жөнүндө ченем депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатууга кызмат кылат.
Мыйзамдын жаңы ченемине ылайык резервге калтырылган мандаттардын негизинде мандат алган депутат аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат тиешелүү шайлоо округунда добуштардын көпчүлүгүн алган кийинки талапкер аялга өткөрүлүп берилет. Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда мандат ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык бөлүштүрүлөт.
Кеңештин биринчи сессиясынан кийин Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөрүн эске алып, депутаттарга айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерге карата жаңы талаптар жөнүндө кеңири маалымат берилди.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-49-беренелерине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына талапкерлерге карата “Кыргызтесттин” сертификаты менен ырасталган мамлекеттик тилди “ортодон жогорку” деңгээлде милдеттүү түрдө билүү талабы киргизилген. Мында “Кыргызтест” менен талапкерлерге сертификатты өз убагында берүү боюнча иш жүргүзүлдү.
Мурда мыйзам менен проблемалары болгон адамдар башкаруу тутумуна шайлоо аркылуу келбесин деген жарандардын каалоолору шайлоо жөнүндө мыйзамдарга түзөтүүлөрдө парламент тарабынан эске алынды жана жактырылды. Оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жарандардын ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчылыгына талапкер болууга укугу жок деген ченемдер киргизилди. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан бошотулган учурда, эгерде бошотуу жөнүндө кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу даттанылса, соттун акыркы кароосуна чейин айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы шайлоону дайындоо токтотула турат.
Жети-Өгүз районунун акими М.С. Раматов өз сөзүндө жаңы шайланган айылдык кеңештин дарамети жогору экенин белгиледи, себеби жаңы шайланган 21 депутаттын 18инин жогорку билими бар (мурда жогорку билими бар 15 депутат болгон) жана ал региондогу иш тажрыйбага токтолду. Депутаттарга жергиликтүү жамааттын актуалдуу маселелерин чечүүгө бардык күч-аракеттерин жумшоосун каалады.
Аксакалдар кеңешинин төрагасы Ж.М. Жаркымбаев депутаттарды аларга чоң ишеним көрсөткөн жарандардын кызыкчылыктары үчүн ырааттуу, конструктивдүү иштөөгө чакырды, депутаттын миссиясын татыктуу аткарып, кеңештин, жалпы эле Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошуусун каалады. Ошондой эле ал аялдардын катышуусу айыл аймагынын социалдык, билим берүү жана көрктөндүрүү маселелерин кыйла кылдат чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Улуу муундун атынан айылдык кеңештин азыркы чакырылышы натыйжалуу иши менен белгилүү болуп, жарандардын эсинде жакшы иштери менен калат деп ишенерин билдирди.




















КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
