КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаевдин каттоосун жокко чыгарды

07 октября 2017

2017-жылдын  7-октябрындагы КР БШК жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Төрөбаевдин каттоосун  жокко  чыгаруу боюнча токтом кабыл алынды.

 Б.Төрөбаевге берилген күбөлүк (КР БШК 2017-жылдын 23-августундагы №362 Токтому менен бекитилген)  күчүн жоготту деп табылды.

Ошондой эле Б.Төрөбаевдин  шайлоо жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары, Жобого ылайык  токтотулду. 

Б.Төрөбаевдин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликтен баш тартуу жөнүндө арызы Борбордук шайлоо комиссиясына 2017-жылдын 6-октябрында келип түшкөн.

КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү