Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн каралган талаптар, мөөнөттөр жана жол-жоболор

19 июля 2017

  

ЖМКга, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына маалымдоонун алкагында, КР БШКнын маалыматтык бөлүмү буларды билдирет: азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү процесси жүрүп жатат, ал шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда (2017-жылдын 1-августуна чейин) аяктайт.
2017-жылдын 19-июлуна карата абал боюнча КР БШКга төмөнкүлөр келип түштү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынан 27 арыз;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын 5 чечими.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 5-пунктуна ылайык шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2017-жылдын 10-сентябрына чейин аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталуу үчүн, шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2017-жылдын 31-августуна чейин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн төмөнкүдөй зарыл документтерди КР БШКга берүү зарыл:
1) өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арыз же болбосо Президенттин кызмат ордуна талапкер болуп добушка коюлууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечиминин протоколу;
2) өмүр баянынын маалыматтарын көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) иштеген же окуган жеринен маалымкат;
5) шайлоо күрөөсүн койгондугун ырастаган документ;
6) мамлекеттик тилди билишинин деңгээли жөнүндө сертификат.
Ошондой эле Президенттин кызмат ордуна талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колу менен колдоого алынууга тийиш.
Талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактарын ыйгарым укуктуу өкүлдөр, шайлоо күнүнөчейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2017-жылдын 26-августуна чейин КР БШКга тапшырат, ал 10 күндүк мөөнөттүн ичинде каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен колдордун ишенимдүүлүгүн текшерет. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн берилген шайлоо документтеринин шайкештигин текшергенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумдарында кароо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жөнүндө чечимди кабыл алуу же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди кабылалуу үчүн документтердин пакетин даярдайт. 
Талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен күбөлүктөрдү берүүкаттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт. 
Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдерди КР БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 6,7-пункттарынын негизинде кабыл алат.
Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу жана баш тартуунун негиздерин баяндоо менен КР БШКны чечиминин көчүрмөсүн талапкерге же болбосо ыйгарым укуктуу өкүлгө берүү чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде жүзөгө ашырылат.
Президенттин кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, шайлоого андан аркы катышуудан баш тартуу жөнүндө КР БШКга жазуу жүзүндөгү арызды берүү менен андан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун алып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү

КР БШКнын маалыматтык бөлүмү