ЫКЧТ маалымдайт:Курултай өткөрүү тууралуу келип түшкөн маалымат боюнча текшерүү башталды

2021-жылдын 8-сентябрында КР БШК ЫЧККТга жаран А.Вольныйдан билдирүү келип түштү, ал «Шоро» компаниясынын аймагында “Ата Мекен”, “Реформа” жана “Улуттар Биримдиги” саясий партиялары тарабынан сыйлыктарды жана акча каражаттарын таратуу менен уюштурулган курултай өткөрүлгөндүгүн билдирди. Жаран А.Вольный өзүнүн кайрылуусунда курултайды уюштуруучулар тарабынан пара берүү фактылары мүмкүн болуусун көрсөттү.  
Аталган маалымат КР ИИМге, КР УКМКга укуктун баасын берүү жана көрсөтүлгөн фактыларды текшерүү үчүн жөнөтүлдү.  
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Жарандардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары үчүн – 0502001255
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg