ЫЧКТ маалымдайт: Конституциялык референдумду колдогон КР БШКнын логотиби түшүрүлгөн баракча боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Т.Эргешбаеванын посту Фейсбук баракчасында талкууланып жаткандыгы жөнүндө маалымат алды. Анда "Биз конституциялык референдумду колдойбуз!" деп жазылган КР БШК логотиби түшүрүлгөн баракчалар борбордогу маршруткаларда илинип жатканын көрсөткөн. Автор Кыргыз Республикасынын БШКсына, ошондой эле укук коргоо органдарына кайрылып, коомдук транспорттор менен иштеген компаниялар менен териштирүү жүргүзүүнү суранат.

Эргешбаева Т. аталган кичи автобус №254 менен иштеп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Т.Эргешбаева аталган баракчаны көрсөтүлгөн №254 коомдук транспортко ким жайгаштыргандыгын жана аны өндүргөндүгү үчүн ким акча төлөгөндүгүн суроону өтүнөт. Бул маалымат келтирилген фактыларды текшерүү үчүн КР ИИМне, Башкы прокуратурага, Бишкек АШКнын ЫАККТна жиберилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg