ЫАКТ билдирет: Азык-түлүк таркатуу жөнүндө маалымат укук коргоо органдарына өткөрүп берилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу 2020-жылы 19-ноябрда «Кактус_Медиа» интернет-басылмасына жарыяланган маалыматты окуп чыкты. Анда эркек кишилер мурдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атынан азык-түлүк таркатып жаткан видео көрсөтүлгөн.

Сүрөттө жүк тартуучу автотранспорттун номуру – О9289А көрүнүп турат. Комментарийлерде шайлоочулардын добуштарын сатып алууну  көрсөтүшкөн.

Маалымат иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.