Шайлоочулардын тизмесин түзүү ж-а тактоо б-ча БШКнын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби Жобо

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2020-жылдын 11-февралындагы

№ 40 токтому менен бекитилген

 

Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

1. «Шайлоочулардын  жана референдумдардын катышуучуларынын  тизмесин түзүү жана тактоо боюнча  Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен ѳз ара аракеттешүү тартиби жѳнүндѳ» ушул Жобо (мындан ары – Жобо) шайлоочулардын  жана референдумдардын катышуучуларынын  тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын тизмесин) түзүү жана тактоо боюнча  Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен ѳз ара аракеттешүүсүнүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары (шайлоочулары) жѳнүндѳ маалыматтарды берүүнүн, шайлоочулардын маалыматтарын Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри менен салыштыруу жана шайкеш келтирүү жол-жоболорунун, шайлоочуларды иденттештирүү жабдыктарынын комплекттерин даярдоонун тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  жана Кыргыз Республикасында референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелерди белгилейт.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы  шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу жана сактоо максатында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ», «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, «Жергиликтүү кеңештердин  депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ», «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ», «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жѳнүндѳ», «Жеке мүнѳздѳгү маалыматтар жѳнүндѳ»   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

3. Жободо:

  1. тѳмѳндѳгү терминдер пайдаланылган:

  шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ –Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун мыйзамдарда белгиленген бардык түрү;

шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жѳнүндѳ/электрондук чиптеги жазуу белгиси менен);

Шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү тутуму – шайлоочулар, референдумдун катышуучулары тууралуу маалыматтарды түзүү, жүргүзүү жана жаңылоо боюнча мамлекеттик маалымат тутуму;

Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары – КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар жѳнүндѳ маалыматтарды жыйноо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоого арналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү автоматташтырылган жеке эсептеринин тутуму;

шайлоо дареги – шайлоочунун туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген  тартипке ылайык ал добуш берүүнү каалаганын билдирген дареги;

шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке маалыматтары – шайлоочунун жеке инсандыгын тастыктаган документте кѳрсѳтүлгѳн/электрондук чипте жазылган Кыргыз Республикасынын шайлоочусунун, референдумга катышуучусунун жеке иденттештирүү номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин   дареги камтылган маалыматтар;

туруктуу жашаган жери - инсандыгын күбѳлѳндүргѳн документте каттоо эсебин алган органдын каттоо белгиси менен тастыкталган/электрондук чипте жазылган Кыргыз Республикасынын аймагында жарандын жашаган жери; 

шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмеси – электрондук жана кагаз жүзүндѳ, КБМРдин негизинде түзүлгѳн, добуш берген күнү жигердүү шайлоо укугуна жана/же референдум ѳткѳрүлгѳн күнү референдумга катышууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарыКыргыз Республикасынын жарандарын каттоону жана эсепке алууну ар түрдүү формада ишке ашырган мамлекеттик органдар;

шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын эсепке алуу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген негиздер боюнча шайлоочулардын тизмесине жарандарды киргизүү, чыгарып салуу, шайлоочулар тууралуу маалыматтарга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү;

жергиликтүү жамааттын мүчѳсү – тийиштүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдѳ жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктар байланыштырган Кыргыз Республикасынын жараны. Жергиликтүү жамаатта шайлоочунун мүчѳлүгү жарандын паспортунда жашаган жерин каттоо жѳнүндѳ/электрондук чипте жазылган белги аркылуу аныкталат;

  1. тѳмѳнкүдѳй кыскартуулар пайдаланылат:

МКК – Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;

 

ЖАМК – Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу жазаны аткаруу мамлекеттик кызматы;

КР ТИМ- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

УКМК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

КР КИМК – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;

КР ККГШ – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;

КР ЭСӨМ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министрлиги;

 КР ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.

4. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын мамлекеттик эсебин Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары – КБМР) камтылган жеке маалыматтардын негизинде «Шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү тутуму» (мындан ары – ШЭБТ) маалыматтык тутумун пайдалануу менен КР БШК ишке ашырат.

5. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын (мындан ары – шайлоочулардын) шайлоого укуктарын жүзѳгѳ ашыруу, ѳздѳрү жѳнүндѳ маалыматтар менен шайлоочулардын таанышуусун жана тактоосун, ошондой эле добуш берүүнү ѳткѳрүү максатында ар бир шайлоо участогу, референдум участогу (мындан ары – шайлоо участогу) боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлѳт.

Шайлоо мыйзамдарында белгиленген берүү мѳѳнѳтүнѳ ылайык шайлоочулардын тизмеси алдын ала, контролдук жана биротоло болуп бѳлүнѳт.

Шайлоочулардын тизмелеринин формалары ШЭБТ жѳнүндѳ Жобо менен белгиленет.

6. Добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон ѳткѳн Кыргыз Республикасынын жараны шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун ѳкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде турган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт.

7. Шайлоолорду жана референдумду ѳткѳргѳн мезгилде КР БШК жана МКК биргелешкен чечими боюнча жарандарды биометрикалык каттоо Кыргыз Республикасынын аэропортторунун, темир жол вокзалдарынын аймактарында жүргүзүлүшү мүмкүн.

8. Шайлоолорду жана референдумду чогуу ѳткѳргѳн учурда кѳрсѳтүлгѳн шайлоо аракеттеринин мѳѳнѳттѳрү шайлоо жана референдум жөнүндө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мѳѳнѳттѳрдө өткөрүлөт.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен ѳз ара аркеттешүү тартиби

9. Шайлоочулардын тизмеси шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен КБМКда камтылган жеке (анын ичинде биометрикалык) маалыматтардын негизинде түзүлѳт.

10. КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет жана аларды бекиткенден кийин 5 (беш) календардык күндѳн кечиктирбестен чек араларын жана даректерин кѳрсѳтүү менен аларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү үчүн МККга берет.

11. КР БШК добуш берилген күндѳн 85 (сексен беш) календардык күндѳн кечиктирбестен консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган жана биометрикалык каттоодон ѳткѳн, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана турган шайлоочулар тууралуу КР ТИМден алынган маалыматтарды ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү үчүн МККга берет.

12. МКК добуш берүү күнүнѳ чейин 75 (жетимиш беш) календардык күндѳн кечиктирбестен биометрикалык маалыматтарды жыйноо пункттарынын тизмесин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жердегилерин, алардын иштѳѳ регламентин, жайгашкан даректерин жана байланыш маалыматтарын кѳрсѳтүү менен КР БШКга берет.

13. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини депутаттарын шайлоолорду, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ:

1) МКК добуш берүү күнүнѳ чейин 80 (сексен) календардык күн мурда шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен жана 18 жаш куракка чыккан, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар жѳнүндѳ маалыматтар менен бирге КБМК жана ШЭБТдан автоматтык түрдө жүктөп алуу жолу менен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзѳт. Маалыматтар ШЭБТ жѳнүндѳ Жободо бекитилген форма боюнча берилет.

Шайлоочулардын алдын ала тизмесине тѳмѳндѳгү жарандар киргизилбейт:

- добуш берүү күнүнѳ карата 18 жаш куракка чыкпагандар;

- Кыргыз Республикасында каттоо эсебинен чыгарылгандар;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылгандар;

- соттун мыйзамдуу күчүнѳ кирген ѳкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде тургандар;

- сот тарабынан аракетке жѳндѳмсүз деп таанылгандар;

- каза болгондор (өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн негизинде).

2) Түзүлгөн алдын ала тизмеси тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарга тиешелүү тактоо киргизүү, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн туруктуу же болбосо иш жүзүндѳ жашаган жери, шайлоочунун туулган датасы жѳнүндѳ маалыматтар кѳрсѳтүлбѳй туруп, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча автоматтык түрдө КБМКдан алынып, бир учурда МКК тарабынан «Тизме» мамлекеттик порталында жайгаштырылат.

3) Добуш берүү күнүнѳ чейин 75 (жетимиш беш) календардык күн мурда КР БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин басып чыгарат жана шайлоочуларга тааныштыруу жана шайлоочулардын тактап алуусу үчүн участоктук шайлоо комиссияларына берет.

14. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ:

1) МКК добуш берүү күнүнѳ чейин 60 (алтымыш) календардык күн мурда шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен жана 18 жаш куракка чыккан, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар жѳнүндѳ маалыматтар менен бирге КБМК жана ШЭБТден автоматтык түрдѳ алуу жолу менен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзѳт. Маалымат ШЭБТ жѳнүндѳ Жободо бекитилген форма боюнча берилет.

Шайлоочулардын тизмесине тѳмѳндѳгү жарандар киргизилбейт:

- шайлоолор ѳткѳрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчѳсү болуп саналбагандар (жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жѳнүндѳ/электрондук чиптеги жазуу белгиси менен аныкталат);

- добуш берүү күнүнѳ карата 18 жаш куракка чыкпагандар;

- Кыргыз Республикасында каттоо эсебинен чыгарылгандар;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылгандар;

- соттун мыйзамдуу күчүнѳ кирген ѳкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде тургандар;

- сот тарабынан аракетке жѳндѳмсүз деп таанылгандар;

- каза болгондор (өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн негизинде).

2) Түзүлгөн алдын ала тизмеси тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарга тиешелүү тактоо киргизүү, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн туруктуу же болбосо иш жүзүндѳ жашаган жери, шайлоочунун туулган датасы жѳнүндѳ маалыматтар кѳрсѳтүлбѳй туруп, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча автоматтык түрдө КБМКдан алынып, бир учурда МКК тарабынан «Тизме» мамлекеттик порталында жайгаштырылат.

3) Добуш берүү күнүнѳ чейин 55 (элүү беш) календардык күн мурда КР БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин басып чыгарат жана шайлоочуларга тааныштыруу жана шайлоочулардын тактап алуусу үчүн участоктук шайлоо комиссияларына берет.

15. Шайлоочуларга тааныштыруу жана шайлоочулардын тактап алуусу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» мамлекеттик порталында жайгаштырылган учурдан тартып, МКК күн сайын тѳмѳндѳгү жарандар жѳнүндѳ маалыматтарды ШЭБТге киргизип турат:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алгандарды;

- биометрикалык каттоодон ѳткѳндѳрдү;

- ѳздѳрүнүн жеке маалыматтарын (ФАА, жеке иденттештирүү номерин) ѳзгѳрткѳндѳрдү;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандарды;

- паспортогу тийиштүү белги менен туруктуу жашаган жерин өзгөрткөнү жөнүндө маалыматтарды;

- каза болгондорду (өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн негизинде).

Добуш берүү күнүнѳ чейин 10 (он) календардык күн мурда МКК жогоруда аталган жарандар жѳнүндѳ маалыматтарды КР БШКга берүүсүн токтотот.

16. Добуш берүү күнүнѳ чейин 35 (отуз беш) календардык күндѳн кечиктирбестен КР БШК шайлоочулар тууралуу актуалдаштырылган   маалыматтар камтылган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзүп, аларды басып чыгарат жана тийиштүү шайлоо комиссияларына жѳнѳтѳт. Контролдук тизме тийиштүү участок боюнча тизмеге киргизилген шайлоочулардын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ошондой эле шайлоо участогунун номеринен тышкары башка маалыматтарды камтыбоого тийиш.

17. Шайлоочулардын тизмеси менен таанышкандан тартып, бирок добуш берүү күнүнѳ чейин 15 (он беш) календардык күндѳн кечиктирбестен, ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде каталар же так эместиктер табылган учурда, ошондой эле шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө бекитилген формада (1 жана 2-форма) арыз берүү аркылуу билдирүүгѳ укуктуу.

Шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте автордоштуруудан ѳтүү менен «Тизме» мамлекеттик порталы аркылуу «Шайлоочунун кабинети» сервиcи аркылуу же болбосо электрондук түрдѳ тийиштүү участоктук шайлоо комиссиясына ѳзү кайрылуу менен арыз берүүгѳ укуктуу.  Арызга милдеттүү түрдѳ Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту тиркелет (Кыргыз Республикасынан сырткары жашаган адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун кѳчүрмѳсү, ал жок болгондо – Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паcпортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун кѳчүрмѳсү) жана арыз берүүдө биометрикалык иденттештирүүдөн ѳткѳндүгү тууралуу чек тиркелет.

Арыз бергенде шайлоочу биометрикалык иденттештирүүдөн ѳтѳт.

Билип туруп анык эмес маалыматтарды берген шайлоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.

18. Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочу жок болгон учурда участоктук шайлоо комиссиясынын мүчѳсү аны шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн тартибин түшүндүрѳт жана биометрикалык маалыматтарды жыйноо пунктунун жакын жердеги дарегин берет.

19. Шайлоо участогуна арыз берилгенде биометрикалык иденттештирүүнү ѳткѳрүү жол-жоболорун окутуудан ѳткѳн УШК мүчѳлөрү шайлоочуну иденттештирүүнү жүргүзѳт. УШК мүчѳлѳрүн окутуу БШК бекиткен планга ылайык ѳткѳрүлѳт.

20. МКК шайлоо участокторуна арыз бергенде шайлоочуларды биометиркалык идентештирүү боюнча программалык камсыздоонун иштеп чыгуучусу жана кармап туруучусу болуп саналат. Мында МКК шайлоо участокторуна арыз бергенде шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү боюнча программалык камсыздоону пайдалануу боюнча регламентти/колдонмону БШКга берет.

Шайлоочуларды иденттештирүүнү программалык камсыздоо адамдын манжалардын папиллярдык чиймелери жана/же бет түзүлүшү, ФАА, ПИН, паспортунун № жана сериялары, паспорттогу дареги, иденттештирүүдөн ѳткѳн датасы жана убактысы боюнча жарандарды иденттештирүүнү жүргүзүү иш-милдеттерин ѳзүнѳ камтыйт.

Программалык камсыздоого жумшалуучу чыгымдарды МКК менен келишимдик негизде КР БШК жүргүзѳт жана шайлоолордун сметасына киргизет.

21. Шайлоочулардан келип түшкѳн арыздары иштелип чыккандан жана КБМКда камтылган маалыматтар менен шайлоочулардын тизмеси актуалдаштырылгандан кийин КР БШК шайлоочулардын биротоло тизмесин түзѳт.

22. КР БШК шайлоо участоктору боюнча разнарядкага ылайык шайлоочуларды иденттештирүү жабдыктарынын комплектилеринин зарыл санын алдын ала текшерүү жана даярдоо, алардын үзгүлтүксүз иштеп турушу боюнча ишти уюштурат жана жүргүзѳт.

23. Добуш берүү күнүнѳ чейин 10 (он) календардык күн мурда:

 1) КР БШК шайлоочуларды иденттештирүү жабдыктарынын комплектилерин даярдоо үчүн электрондук форматта шайлоочулардын биротоло тизмелерин МККга берет;

2) МКК шайлоочуларды иденттештирүү боюнча программалык камсыздоону серверлерге жана клиент ноутбуктарына орнотууну камсыздайт, ошондой эле ШЭБТ жѳнүндѳ Жободо бекитилген формада ар бир шайлоо участогу боюнча биометрикалык маалыматтары менен бирге шайлоочулардын биротоло тизмелерин серверлерге жүктөйт.

3) БШК шайлоочулардын жеке маалыматтарына биометрияны байланыштыруу менен үзгүлтүксүз иштеп турушуна иденттештирүү жабдыктарын комплекстүү текшерүүнү жүргүзѳт.

24. Шайлоочуларды иденттештирүү боюнча жабдыктардын комплектилерин берүүнү-кабыл алууну, алардын оң иштешин, зарыл санын текшерүүнү КР БШК кызматкерлери акт боюнча жүргүзѳт.

25. КР БШК добуш берүү күнүнѳ чейин 3 (үч) календардык күн мурда иденттештирүү жабдыктарынын комплектилерин, чыгымдалуучу материалдарды жеткирүүнү камсыздайт жана иденттештирүү жабдыктарынын сакталышы менен бүтүндүгүн камсыздоо үчүн аларды жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга ѳткѳрүп берет.

Шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында иденттештирүү жабдыктарын кабыл алуу, сактоо жана УШКларга жеткирүү боюнча штаб түзүлѳт. Штабдын курамына аймактык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, МККнын аймактык бѳлүмдѳрүнүн жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирет.

26. Добуш берүү аяктагандан кийин МКК шайлоолорго катышкан шайлоочулардын тизмесин түзѳт жана токтоосуз түрдѳ анын электрондук версиясын ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык КР БШКга берет.

Чет ѳлкѳлѳрдѳ уштурулган шайлоо участокторунда шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык КР ТИМден түшкөнүнө жараша МКК тарабынан жүктөлүп, түшкѳнүнѳ жараша КР БШКга берилет.

27. Берүү, кѳчүрүү, жарыялоо жолу менен шайлоочулардын тизмесинде камтылган жеке маалыматтарды жарыя кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

 

  1. Башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

менен ѳз ара аракеттешүү тартиби

 

28. Станционардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта кармоочу жерлерде  болгон шайлоочулардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген  шайлоочулардын эсебин алууну уюштуруу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министрлиги ар бир жылдын 1-февралына жана  1-августуна карата  абал боюнча жогоруда аталган шайлоочулардын анык саны жѳнүндѳ маалыматтарды КР БШКга берүүгѳ милдеттүү.

29. Ушул Жобонун 28-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар 3-тиркемеге ылайык формада маалыматтарды берет.

30. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолордо, Кыргыз Республикасынын референдумун ѳткѳрүүнү даярдодоо жана ѳткѳрүүдѳ добуш берүү күнүнѳ чейин 85 (сексен беш) календардык күндѳн кечиктирбестен КР ТИМ   консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган жана биометрикалык каттоодон ѳткѳн, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар тууралуу маалыматтарды ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү үчүн КР БШКга берет.

31. Чет ѳлкѳлѳрдѳгү Кыргыз Республикасынын тийиштүү дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн жана консулдук мекемелеринин жеткечилери шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү учурунда КР ТИМ аркылуу консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган шайлоочулар тууралуу маалыматтарды күн сайын КР БШКга берет.

32. Ушул Жобонун 30-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн шайлоочулар жѳнүндѳ маалыматтар добуш берүү күнүнѳ чейин 85 (сексен беш) календардык күн мурда шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү үчүн КР БШК тарабынан МККга берилет.

33. Чет ѳлкѳлѳрдѳгү участоктук  шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнѳ чейин 15 (он беш) календардык күн мурда шайлоочулардын тизмесиндеги так эместиктерди ѳзгѳртүү, шайлоо даректерин алмаштыруу жѳнүндѳ шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот жана добуш берүү күнүнѳ чейин 12 (он эки) календардык күн мурда дипломатиялык миссиялардын жетекчилери биометрикалык каттоодон ѳткѳн жарандардын маалыматтары менен кошо электрондук сактагычтарды/ноутбуктарды  ушул Жобонун 15-пунктуна ылайык биротоло тизмеге киргизүү үчүн МККга жеткирүүгѳ кѳмѳктѳшѳт жана жеткирүүнү камсыздайт.

34. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду, Кыргыз Республикасынын референдумун ѳткѳрүүнү даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ КР ССМ, КР УКМК, ЖАМК, КР КИМК, КР ККГШ, КР ИИМ, КР ЭСӨМ, үзгүлтүксүз циклде иштеген  ишканалардын  (вахталык иштердин) жетекчилери добуш берүү күнү стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта болгон жерлерде, үзгүлтүксүз циклде иштеген  ишканаларда (вахталык иштерде) турган шайлоочулар, мѳѳнѳттүү кызматтын аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлѳ мүчѳлѳрү жана аскер бѳлүктѳрүндѳ турган башка адамдар тууралуу маалыматтарды түзѳт жана добуш берүү күнүнѳ  чейин 12 (он эки) календардык күндѳн кечиктирбестен тийиштүү УШКга берет.

35. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолорду даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ КР ССМ, КР УКМК, ЖАМК, КР КИМК, КР ККГШ, КР ИИМ, КР ЭСӨМ, үзгүлтүксүз циклде иштеген  ишканалардын  (вахталык иштердин) жетекчилери добуш берүү күнү стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта болгон жерлерде, үзгүлтүксүз циклде иштеген  ишканаларда (вахталык иштерде) турган шайлоочулар, мѳѳнѳттүү кызматтын аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлѳ мүчѳлѳрү жана аскер бѳлүктѳрүндѳ турган башка адамдар тууралуу, тийиштүү жергиликтүү жамааттун мүчѳлѳрү болуп саналган шайлоочуларга гана маалыматтарды түзѳт жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн  добуш берүү күнүнѳ  чейин 12 (он эки) календардык күндѳн кечиктирбестен тийиштүү УШКга берет.

Мында төмөнкүдөй маалыматтар кѳрсѳтүлѳт: шайлоочунун инсандыгын тастыктаган документтеги электрондук чипте көрсөтүлгөн/жазылган ПИН, ФАА, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги, мекеменин аталышы, шайлоочу кармоодогу (турган) мекеменин жетекчисинин колу жана мѳѳрү. Маалыматтар ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык электрондук жана кагаз түрүндѳ тийиштүү шайлоо комиссияларына берилет.

 

4. Корутунду жоболор

 

36. Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жана эсепке алуунун ар түрдүү формаларын ишке ашырган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жетекчилери шайлоочулар жѳнүндѳ ѳз учурунда эмес, так эмес, толук эмес, анык эмес жана жалган маалыматтарды бергендиги үчүн, ошондой эле жеке мүнѳздѳгү маалыматтарга кирген маалыматтарды жарыя кылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдырна ылайык жоопкерчилик тартат.

37. Ушул Жобого ѳзгѳртүү жана толуктоо КР БШКнын токтому менен киргизилет.

_______________________________________________________________

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 1 тиркеме

 

КР ТИМ аркылуу добуш берүү күнүнѳ чейин

85 календардык күн мурда КР БШКга берилет

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕКТЕРИНЕН ТЫШКАРЫ ЖАШАГАН ЖАНА ТУРГАН ЖАНА КОНСУЛДУК ЭСЕПКЕ (УБАКТЫЛУУ КОНСУЛДУК ЭСЕПКЕ) КИРГЕН ШАЙЛООЧУЛАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР

 «___» ______________ 20 ___ ж.

 

Кыргыз Республикасынын элчилиги (дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрү, консулдук мекемелери)

___________________________________________________________________

(орун алган ѳлкѳнүн аталышы)

 

УШК № _______

п/п

Жеке идентификациялык номери  (ПИН)

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Туулган датасы

(күнү, айы, жылы)

 
 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

дипломатиялык ѳкүлчүлүгүнүн,

консулдук мекемесинин жетекчиси

 

 

   _____________________________

(колу)

М.О.

 

 

2-тиркеме

 

МКК тарабынан шайлоолордон кийин 3 календардык

күндѳн кечиктирбестен КР БШКга берилет

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ ЖОГОРКУ КЕНЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООЛОРГО/ РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШКАН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ

 

«______» ___________________ 20_________ жыл

_____________________________________________________________________

аймактык шайлоо комиссиясы

 

п/п

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Туулган датасы

1

 

 

2

 

 

3

 

 

4

 

 

5

 

 

6

 

 

7

 

 

8

 

 

9

 

 

10

 

 

11

 

 

 

Шайлоо участогунун № ___________________________________________________

(добуш берүү үчүн участоктун номери жана жайгашкан жеринин дареги)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-тиркеме

Добуш берүү күнүнѳ чейин 12 календардык

күндѳн кечиктирбестен КР БШКга берилет

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ ЖОГОРКУ КЕНЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООЛОРГО/ РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШКАН ШАЙЛООЧУЛАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР

«______» ___________________ 20_________ жылга

 

 

___________________________________________________________________

(мекеменин, аскер бѳлүгүнүн аталышы)

 

№ УИК _______

   п/п

Жеке идентификация-лык номери  (ПИН)

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Туулган датасы

(күнү, айы, жылы)

Туруктуу жашаган жеринин дареги (паспорттогу каттоосу боюнча)

  1

 

 

 

 

2

 

 

 

 

3

 

 

 

 

4

 

 

 

 

 

 

Мекеменин жетекчиси / аскер бѳлүгүнүн командири

____________________________________     ____________________                    (ФААА)                           М.О.                              (колу)

 

 

 

Шайлоочулардын ушул тизмесинде  N+1 барак

_______________________________________             М.О.           ______________

ФААА жана АШКнын тѳрагасынын колу                                                   Датасы