Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2000-жылдын 13-январы N 3
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө
(КР 2003-жылдын 5-августундагы N 189, 2004-жылдын 15-октябрындагы N 182, 2006-жылдын 6-февралындагы N 34, 2007-жылдын 27-февралындагы N 27, 2008-жылдын 5-августундагы N 195, 2013-жылдын 14-февралындагы N 16, 2013-жылдын 25-апрелиндеги N 59, 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192, 2014-жылдын 17-июлундагы N 138, 2014-жылдын 18-июлундагы N 144, 2015-жылдын 17-февралындагы N 34, 2016-жылдын 20-июлундагы N 124, 2016-жылдын 27-июлундагы N 151, 2018-жылдын 26-июлундагы N 71, 2019-жылдын 8-августундагы N 115, 2019-жылдын 8-августундагы N 118, 2020-жылдын 20-июнундагы N 62, 2024-жылдын 29-июлундагы N 152, 2024-жылдын 30-сентябрындагы N 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-Бөлүм
Жалпы жоболор
1-статья. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар
Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу Кыргыз Республикасынын Конституциясы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзам жана ушул Мыйзам менен аныкталат.
(КР 2004-жылдын 15-октябрындагы N 182, 2014-жылдын 18-июлундагы N 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары жана алардын мөөнөтү
Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү кеңешке шайлануусунун натыйжасында ээ болот.
Депутаттын ыйгарым укуктары тийиштүү кеңештин биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат жана кийинки шайланган кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү бүтөт.
Чыгып калган депутаттын ордуна шайланган депутаттын ыйгарым укуктары кеңештин депутат шайлангандан кийинки кезектеги сессиясынын күнүнөн тартып башталат.
Кеңешке шайлоолордун натыйжалары жөнүндөгү маселе кеңештин кароосуна тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан маалымат берүү иретинде киргизилет жана кеңеш тарабынан эске алынат. Депутаттардын ыйгарым укуктарына тийиштүү талаш маселелер сот тартибинде чечилет.
Депутаттын ыйгарым укуктары ага берилген депутаттын күбөлүгү жана төш белгиси менен ырасталат. Депутаттын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүлөрү, ошондой эле алар жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилет.
Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда токтотулат.
(КР 2004-жылдын 15-октябрындагы N 182, 2016-жылдын 20-июлундагы N 124, 2018-жылдын 26-июлундагы N 71, 2024-жылдын 29-июлундагы N 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:
1) анын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы;
3) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;
4) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;
4-1) Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн жана чектеринин өзгөрүшү;
5) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугунда депутаттын мүчөлүгүнүн токтотулушу;
6) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;
7) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши;
8) сот тарабынан депутаттын аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылышы, ошондой эле өлдү деп жарыяланышы;
9) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;
10) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;
11) депутаттын өлүмү.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз келип чыккан күндөн тартып тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы 30 календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштаманы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүлөр берет:
1) тиешелүү мамлекеттик орган - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 7 жана 11-пункттарында каралган учурларда;
2) сот - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6, 8 жана 9-пункттарында каралган учурларда;
3) тиешелүү жергиликтүү кеңеш - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда, жергиликтүү кеңеш депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу маселесин толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт.
Жергиликтүү кеңеш жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;
2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеге катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;
4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 118, 2024-жылдын 29-июлундагы N 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Депутаттык ишти өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруу менен айкалыштыруу
Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын өндүрүштүк же кызматтык ишинен кол үзбөй туруп жүзөгө ашырат.
5-статья. Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусунун кээ бир кызматтар жана иш түрлөрү менен шайкешсиздиги
Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкү учурларда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта боло албайт:
1) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы да (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңеши) ошол эле айылдык аймактын же шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо;
2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешине) отчеттуу болсо;
3) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешинин) ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.
Депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт.
Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт.
Бир эле адам бир гана айылдык же шаардык кеңештин депутаты боло алат.
Эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жумушка алынган кызматкер жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт.
(КР 2004-жылдын 15-октябрындагы N 182, 2006-жылдын 6-февралындагы N 34, 2007-жылдын 27-февралындагы N 27, 2008-жылдын 5-августундагы N 195, 2013-жылдын 25-апрелиндеги N 59, 2020-жылдын 20-июнундагы N 62, 2024-жылдын 30-сентябрындагы N 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Депутаттын шайлоочулар менен өз ара мамилеси
Жергиликтүү кеңештин депутаты шайлоочулар, өзүн депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жамааттар жана жарандардын бирикмелери, ошондой эле өзүнүн шайлоо округунун аймагында жайгашкан башка ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын бирикмелеринин органдары менен байланышта болуп турат.
Шайлоочулар өздөрүнүн депутаттарына сунуш-талап бере алышат. Депутат өзүнүн шайлоо округунун шайлоочуларынын алдында жоопкер жана аларга отчет берип турат.
7-статья. Депутаттын өзү шайланган жергиликтүү кеңеш жана анын органдары менен өз ара мамилеси
Жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялардын жана башка анын органдарынын курамына кирүүгө, ишине катышууга, алардын чечимдерин ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, кеңештин жана анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
Жергиликтүү кеңеш жана анын органдары тийиштүү шарттарды түзүү, депутаттарды документтер, маалымат-кабардык жана депутаттык ыйгарым укуктарды натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка материалдар менен камсыз кылуу жолу менен депутаттардын ишине көмөк көрсөтөт, депутаттардын колдонуудагы мыйзамдарды, жергиликтүү кеңештердин иш тажрыйбасын окуп-үйрөнүүсүн уюштурушат.
Депутат шайланган жергиликтүү кеңеш жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруусу жөнүндө анын отчетторун угууга укуктуу.
Депутат жергиликтүү кеңеште жана анын органдарында өзүнүн милдеттерин аткарбаган, алардын ишинин белгиленген тартибин дайыма бузган учурда, жергиликтүү кеңеш мандаттык комиссиянын, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча комиссиянын алдын ала корутундусу боюнча аны белгилүү бир мезгилге депутат катары төлөнүүчү төлөөлөрдөн жарым - жартылай же толук ажыратуу, депутаттын өзүнүн милдеттерине карата мамилеси тууралу шайлоочуларга кабарлоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Администрациялык-аймактык бөлүнүштөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу депутаттын статусунун өзгөрүшү же ыйгарым укуктарынын токтотулушу
Депутаттын статусу Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде кайра уюштурууга алып келүүчү административдик-аймактык бирдиктин чектери же административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмү өзгөргөн учурларда өзгөрөт.
Калктуу конуштар республикалык же областтык баш ийүүдөгү шаарлар категориясына киргизилгенде, алардын аймагында бул калктуу конуш баш ийген жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат.
Жаңы түзүлгөн жергиликтүү кеңештерге мурдагы иштеп келген жергиликтүү кеңештердин базасында шайлоолор өткөрүүдө, бул жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы N 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-1-статья. Депутаттык этика
Депутат өз ишинде моралдын жалпыга таанылган ченемдерин карманууга, өз беделин сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоого, тиешелүү жергиликтүү кеңешти, шайлоочуларды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш.
Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.
Депутат өз ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын карманат.
(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-Бөлүм
Депутаттын жергиликтүү кеңештин жана анын органдарындагы иши
9-статья. Депутаттын жергиликтүү кеңештин сессияларына катышуусу
Жергиликтүү кеңештин сессияларында жергиликтүү кеңештин депутаттары жамааттык жана эркин талкуулоонун негизинде, ошол жергиликтүү кеңештин тескөөсүнө таандык маселелерди карашат жана чечишет.
Депутат жергиликтүү кеңештин регламентин, жергиликтүү кеңештин, анын органдарынын ишинин тартибин аныктоочу башка ченемдик укуктук актыларды сактоого, жергиликтүү кеңештин сессияларына, өзү курамына кирген туруктуу комиссиянын жана башка органдардын заседаниелерине катышууга милдеттүү. Заседаниеде болууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда, депутат бул жөнүндө тийиштүү органдын жетекчисине маалымдайт.
(КР 2016-жылдын 20-июлундагы N 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Депутаттын жергиликтүү кеңештеги жана анын органдарындагы укуктары
Жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңештин жана өзү курамына кирген анын органдарынын заседаниелеринде каралуучу бардык маселелер боюнча чечүүчү добуш укугунан пайдаланат. Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште жана өзү курамына кирген анын органдарында бир добушка ээ болот. Жергиликтүү кеңештин кайсы бир органынын курамына кирбеген депутат анын ишине кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алат.
Жергиликтүү кеңештин депутаты:
1) тийиштүү жергиликтүү кеңештин органына шайлоого жана шайланууга;
2) жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
3) жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын заседаниесинин күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана алардын маани -маңызы боюнча сунуштар жана сын-пикирлер киргизүүгө;
4) чечимдердин долбоорлорун, жергиликтүү кеңеш же анын органы кабыл алуучу башка документтерди, аларга карата түзөтүүлөрдү кароо үчүн киргизүүгө;
5) жергиликтүү кеңеш түзүүчү органдардын жекече курамы жана жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлери боюнча ой-пикирин айтууга;
6) жергиликтүү кеңеш түзгөн органдарга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле жергиликтүү кеңеш шайлаган, дайындаган же бекиткен адамдарга ишенич көрсөтпөө жөнүндө маселе коюуга;
7) талаш-тартыштарга катышууга, суроо-талаптар менен кайрылууга, баяндамачыларга, кошумча баяндамачыларга, заседаниеге төрагалык кылуучуга суроолор берүүгө;
8) жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңешке отчеттуу, болбосо анын контролдугу астындагы ар кандай органдын же кызмат адамынын, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңештин кызмат өтөшүнө кирген маселелер боюнча анын аймагында иштеген башка органдардын жана кызмат адамдарынын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуштар киргизүүгө;
9) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн жүйө - себептери боюнча чыгып сүйлөөгө, маалыматтар берүүгө;
10) жергиликтүү кеңештин жана органдарынын заседаниелеринде, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, арыздарынын, резолюцияларынын, петицияларынын тексттерин жергиликтүү кеңеш белгилеген тартипте жарыялоого укуктуу.
Депутат жергиликтүү кеңештин сессиясында талкууланган маселе боюнча өзүнүн жарыя айтылбаган сөзүнүн, сунуштарынын жана сын - пикирлеринин текстин, жергиликтүү кеңештин же өзү катышкан анын органынын заседаниесинин протоколуна киргизүү үчүн төрагалык кылуучуга бере алат.
Депутаттын жергиликтүү кеңештин сессиясында айткан жана заседаниесинде төрагалык кылуучуга кат түрүндө берилген сунуштары менен сын-пикирлери жергиликтүү кеңеш тарабынан, болбосо анын тапшыруусу боюнча жергиликтүү кеңештин комиссиялары тарабынан каралат же сотторду жана судьяларды кошпогондо, тийиштүү органдардын жана кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар бул сунуштарды жана сын-пикирлерди, эгерде жергиликтүү кеңеш тарабынан башка мөөнөт белгиленбесе, бир айлык мөөнөттөн кечиктирбей кароого жана кароонун натыйжалары тууралу сунуштар киргизген жана сын-пикирлерин айткан депутаттардын тикелей өздөрүнө, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасына билдирүүгө милдеттүү.
Пленардык заседаниелеринде, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын заседаниелеринде депутаттарга жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышынын, депутаттар киргизген сунуштардын жана сын-пикирлердин, шайлоочулардын сунуш-талаптарынын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишинин маанилүү маселелери боюнча мезгил-мезгили менен маалымат берилип турат.
Депутаттар жергиликтүү кеңеште жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык түзүлгөн жана иш жүргүзгөн депутаттык фракцияларга жана топторго бириге алышат.
Депутаттардын белгиленген укуктарын ишке ашыруунун тартиби жергиликтүү кеңештин жана алардын органдарынын ишин жөнгө салуучу ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле тийиштүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
(КР 2004-жылдын 15-октябрындагы N 182, 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192, 2016-жылдын 20-июлундагы N 124, 2016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья. Депутаттык суроо-талап жана депутаттык суроо
Депутаттык суроо-талап - бул депутаттын алдын ала же жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештин төрагасына, төраганын орун басарына, жергиликтүү кеңештин комиссияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, менчигинин түрүнө карабастан, жергиликтүү кеңештин аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына, анын орун басарына, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүмдөрүнүн, башкармаларынын жана башка кызматтарынын жетекчилерине билдирген маселени чечүү, коомдук мааниге ээ болгон жана жергиликтүү кеңештин тескөөсүнө кирген маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берүү же көз карашын баяндоо талабы.
Суроо-талап депутат же депутаттар тобу тарабынан жазуу жүзүндө же оозеки түрдө киргизилиши мүмкүн, суроо-талап жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилүүгө тийиш, ал боюнча талкуулоо жүргүзүлүшү жана чечим кабыл алынышы мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештин төрагасы суроо-талаптын текстин, ал коюлган тийиштүү органга же кызмат адамына жеткирет.
Суроо-талап коюлган орган же кызмат адамы жергиликтүү кеңеш белгилеген мөөнөттө ага оозеки же жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш. Суроо - талапка жооп жергиликтүү кеңештин сессиясында каралат.
Депутаттык суроо - бул, кайсы бир же башка маселе боюнча депутаттын маалымат алуу жолу. Суроого жооп жергиликтүү кеңештин сессиясында жарыяланышы же депутаттын өзүнө берилиши мүмкүн. Суроо сессиялардын күн тартибине киргизилбейт, талкууланбайт жана ал боюнча чечим кабыл алынбайт.
(КР 2016-жылдын 20-июлундагы N 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Депутаттын ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерин текшерүү жөнүндө маселе коюу укугу
Жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңешке жана анын органдарына анын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле финансы-чарбалык иштен тышкары сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик органдарды жана граждандардын бирикмелеринин органдарынын ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу.
Жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга депутат баяндаган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштоого укуктуу. Мында текшерүү колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүнүн натыйжасы жана ал боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңешке же текшерүү жүргүзүүнү сунуштаган анын органына билдирет.
Текшерүүнүн натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана иши текшерилген органдардын жетекчилерине (менчик ээлерине), ошондой эле жогору турган органдарга кетирилген кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча сунуш киргизет, жоопко тартуу тууралу маселе коет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгы аныкталган учурда, депутат ал боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыла алат.
(КР 2003-жылдын 5-августундагы N 189, 2016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-Бөлүм
Жергиликтүү кеңештин депутатынын шайлоо округундагы иши
13-статья. Депутаттын шайлоо округунун калкы менен байланышы
Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен дайыма байланышта болуп, жергиликтүү кеңештин иши, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн пландарынын жана программаларынын, жергиликтүү экологиялык программалардын, жергиликтүү кеңештин чечимдеринин жана шайлоочулардын суроо - талаптарынын аткарылышы жөнүндө аларга үзбөй маалымат берип турат, мыйзамдарды, жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын чечимдерин аткарууну уюштурууга, шайлоо округунун аймагында өткөрүлгөн массалык иш-чараларга катышат, коомдук ой-пикирди, калктын керектөөлөрүн иликтейт, алар тууралу жергиликтүү кеңешке маалымдайт, жарандардын жамааттык муктаждыктарын жана мыйзамдуу талаптарын канааттандыруу боюнча башка чараларды көрөт.
Шайлоо округундагы өзүнүн ишинде депутат коомдук комитеттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эмгек жамааттарынын, жарандардын бирикмелеринин органдарынын жардамына таянат.
14-статья. Депутаттын жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароосу
Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнө түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карап чыгат, аларды туура жана өз убагында чечүүгө карата чара көрөт, жарандарды кабыл алат.
Депутат өзүнө түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды тийиштүү органдарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтө алат, алар бул сунуштарды, арыздарды жана даттанууларду колдонуудагы мыйзамга ылайык карап чыгууга жана натыйжалары жөнүндө арыз ээсине, ошондой эле депутатка маалымдайт.
Депутат даттануулардын чыгышынын себептерин иликтейт жана аларды жоюу боюнча өз сунуштарын өзү шайланган жергиликтүү кеңешке, мамлекеттик органдарга, жарандардын бирикмелеринин органдарына, ишканаларына, мекемелерге жана уюмдарга киргизет.
Соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттанылган депутатка кайрылуу, ушул соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен, кайрылууну жиберген жаранга кайтарылып берилет.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Депутаттын шайлоочулардын жана алардын тизмеси боюнча алар шайланган саясий партиялардын алдындагы отчету
Жергиликтүү кеңештин депутаты шайлоочулардын алдында жана аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жарандардын жамааттарынын жана бирикмелеринин алдында, ошондой эле саясий партиянын алдында өзүнүн иши жана өзү шайланган жергиликтүү кеңештин иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кемитпей отчет берип турууга тийиш.
Депутаттын отчету, аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жарандардын жамаатынын же бирикмесинин жана саясий партиянын талабы боюнча, ошондой эле шайлоочулардын чогулушунун талабына ылайык каалаган убакта өткөрүлүшү мүмкүн.
Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулуштарында, ошондой эле аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн эмгек жамааттарынын, жарандардын бирикмелеринин жана саясий партиянын чогулуштарында (конференцияларда) өткөрүлөт. Чогулуштун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин ар бир депутатынын ишине баа берилет, ал тиешелүү кеңешке жиберилет. Отчет берүүнү өткөрүү жөнүндө депутат жергиликтүү кеңешке же белгиленген тартипте анын органдарына маалымдайт.
(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Депутатка отчет берүүлөрдү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү
Депутатка отчеттор берүү жана шайлоочулар менен жолугушуулар өткөрүү үчүн зарыл шарттар камсыз кылынат.
Жергиликтүү кеңеш депутаттардын шайлоочулар алдында отчеттор берүүсүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт, аларды отчет үчүн зарыл болгон маалымат жана кабар материалары менен өз убагында камсыз кылат.
Депутаттын отчету өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы чогулуштар өткөрүү үчүн имарат-жай бөлүп беришет, алар өткөрүлүүчү убакыт жана жер жөнүндө шайлоочуларга кабарлайт, ошондой эле депутатка анын шайлоо округундагы ишин илгерилетүүчү башка чараларды көрөт.
Депутаттардын отчеттору жана шайлоочулар менен жолугушуулары массалык маалымат каражаттарында чагылдырылат.
Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетторун өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тийиштүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен алынат.
(КР 2016-жылдын 20-июлундагы N 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Депутаттын башка жергиликтүү кеңештердин сессияларына жана ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттарынын жана жарандардын жашаган жериндеги чогулуштарына катышуусу
Жергиликтүү кеңештин депутаты өзү шайланган жергиликтүү кеңештин аймагында, кеңеш берүүчү добуш укугу менен башка жергиликтүү кеңештердин жана алардын органдарынын ишине катыша алат. Депутат өзүнүн шайлоо округунда кеңеш берүүчү добуш укугу менен ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттарынын чогулуштарына, ошондой эле коомдук комитеттердин, өз алдынча башкаруунун кеңештеринин заседаниелерине жана жарандардын жашаган жерлериндеги чогулуштарына катышышы мүмкүн.
18-статья. Депутаттын кайрылуусу
Жергиликтүү кеңештин депутаты сотторду жана судьяларды кошпогондо, бардык мамлекеттик органдарга, өз алдынча башкаруу органдарына, жарандардын бирикмелерине, менчигинин түрүнө карабастан, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга, кызмат адамдарына депутаттык ишке байланышкан маселелер боюнча кайрылууга жана коюлган маселелерди кароого катышууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары анын кайрылуусун карап чыгуута жана создуктурбай жооп берүүгө, ал эми кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгон учурда бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Депутаттын кызмат адамы тарабынан токтотпой кабыл алынуусу, зарыл болгон маалыматты алуу укугу
Депутаттык иштин маселелери боюнча жергиликтүү кеңештин депутаты тийиштүү жергиликтүү кеңештин аймагындагы мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жарандардын бирикмелерине, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга токтоосуз кирүү укугунан, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын токтотпой кабыл алуу укугунан пайдаланат.
Тийиштүү айыл аймагынын жана шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери депутаттын өтүнүчү боюнча ага депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтык материалдарды жана башка маалыматты беришет.
Депутаттын иши мамлекеттик сырга же мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырга байланышкан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келип-кетүү тартиби тийиштүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
(КР 2016-жылдын 20-июлундагы N 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Депутаттын мыйзамдуулуктун бузулушун жоюуну талап кылуу укугу
Жарандардын укуктарын бузулушу же башка мыйзам бузуулардын бети ачылганда депутат укук бузууну токтотууну талап кылууга, ал эми зарыл болгон учурларда укуктун бузулушуна бөгөт коюу талабы менен сотторду жана судьяларды кошпогондо, тийиштүү органдарга жана кызмат адамдарына кайрылууга милдеттүү.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын бирикмелеринин кызмат адамдары, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы, ошондой эле депутаттын талабы багытталган милиция кызматкерлери укук бузууларды жоюуга карата токтоосуз чаралар көрүүгө, ал эми зарыл болсо - бул жөнүндө кийин депутатка маалымдоо менен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чаралар көрүүгө милдеттүү. Чаралар көрүлбөгөн учурда депутат, депутаттык фракция жана жергиликтүү кеңештердин тобу кайрылган кызмат адамдары мыйзамда белгиленген тартипте тартиптик, администрациялык же жазыктык жоопкерчилик тартышат.
(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192, 2016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Депутаттык топтор
Шайлоо округдарында жана эмгек жамааттарында депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча, биргелешип иштөө үчүн, депутаттар өз ара макулдашуу менен депутаттык топторго бириге алышат. Депутаттык топ үчтөн кем эмес депутаттардан турат.
Депутаттык топ, ошол шайланган жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде, бардык мезгилде анын курамына кирүүнү каалагандарын билдирген депутаттардын чогулушунун чечими боюнча уюштурулушу мүмкүн. Депутаттык топтун курамына кирген депутаттар депутаттык топтун жетекчисин шайлашат. Топтун жетекчисинин сунушу боюнча депутаттык топ айылдык жана шаардык жергиликтүү кеңеште катталат.
Депутаттык топтун иши, эгерде айрым депутаттар чыккан учурда, анын курамында үчтөн аз депутат калса, анын курамына кирген депутаттар тийиштүү чечим кабыл алганда, ошондой эле ошол шайлануудагы жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары бүткөндө токтотулат.
Жергиликтүү кеңеш катталган депутаттык топтордун ишине көмөк көрсөтөт, алардын ишин жөнгө салат жана алардын иши жөнүндө билдирүүлөрдү угушу мүмкүн.
(КР 2013-жылдын 25-апрелиндеги N 59, 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-Бөлүм
Шайлоочулардын сунуш-талаптары менен иштөөнү уюштуруу
22-статья. Шайлоочулардын сунуш-талаптары
Шайлоочулардын сунуш-талаптары - бул, коомдук мааниге ээ болгон жана депутатка талапкерге шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочулар менен жолугушуулар убагында тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулушунда берилген тапшырма.
Аткарылышы тийиштүү жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын тескөөсүнө кирген тапшырмалар сунуш-талаптар деп эсептелет.
Депутаттыкка талапкер, эгерде сунуш анын шайлоо алдындагы программасына каршы келсе, шайлоочулар чогулушу киргизген сунушту сунуш-талап катары кабыл албоого укуктуу.
Шайлоонун натыйжасында депутаттыкка шайланбай калган депутаттыкка талапкерлерге берилген сунуш-талаптар шайлоочулардын сунуштары катары эске алынат, жергиликтүү кеңештин тийиштуу органдары тарабынан топтоштурулат жана жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан чара көрүү үчүн тийиштүү органдарга жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт.
23-статья. Шайлоочулардын сунуш-талаптарын аткарууну уюштуруу
Шайлочулардын депутаттарга берген сунуш-талаптарын топтоштуруу жана алдын ала кароо тийиштүү жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары, аткаруучу комитеттери же секретариаты тарабынан тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрация менен бирге жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын алар даярдаган долбоору жергиликтүү кеңештин кароосуна коюлат.
Жергиликтүү кеңеш шайлоочулардын сунуш-талаптарынын алынгандыгы жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитет. Жергиликтүү кеңеш айрым сунуш-талаптардын аткарылышынын максатка ылайык эместиги жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга укуктуу. Шайлоочулардын сунуш-талаптарына карата жергиликтүү кеңештин чечими жергиликтүү кеңеш жана депутаттар тарабынан тийиштүү аймактын калкына маалымдалат.
Шайлоочулардын сунуш-талаптары тийиштүү аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн пландарын жана программаларын, жергиликтүү экономикалык программаларды иштеп чыгууда, бюджетти түзүүдө, ошондой эле башка маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо эске алынат.
Жергиликтүү кеңеш аткарууга алган шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашырууну жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жана жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн органдар жергиликтүү кеңеш тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде камсыз кылышат. Сунуш-талаптарды ишке ашырууга тийиштүү айыл аймагынын жана шаардын чегинде жайгашкан ишканалар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аларга берген тапшырмаларга ылайык катышышат.
Сунуш-талаптардын аткарылышына контролдук жүргүзүү тийиштүү жергиликтүү кеңештер, алардын органдары жана депутаттар тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашырууну камсыз кылуучу органдар жергиликтүү кеңештер аныктаган мөөнөттө, бирок жылына бир жолудан кем эмес, алардын аткарылышынын жүрүшү тууралу жергиликтүү кеңештерге баяндап турушат. Депутаттар өздөрүнүн шайлоо округдарынын шайлоочуларына алар берген сунуш-талаптардын акарылышынын жүрүшү жөнүндө такай маалымдап турушат. Шайлоочулардын сунуш-талаптарын депутаттын аткарышынын жүрүшү массалык маалымат каражаттарында чагылдырылат.
(КР 2016-жылдын 20-июлундагы N 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-Бөлүм
Депутаттык иштин негизги кепилдиктери
24-статья. Депутаттын ыйгарым укуктарынын бузулгустугу. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана колдонуудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын эч ким чектөөгө укуксуз.
Тийиштүү жергиликтүү кеңештер жана алардын органдары депутаттар өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандардын бирикмелеринин органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 20-июлундагы N 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-статья. Депутаттын эмгектик жана башка укуктарын коргоо
Жергиликтүү кеңештин депутаты, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясынын демилгеси боюнча жумуштан бошотулууга (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурларды кошпогондо), ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңеш менен, ал эми жергиликтүү кеңештин сессияларынын аралыгында - жергиликтүү кеңештин төрагасы менен алдын-ала макулдашуусуз жана мандат комиссиясынын, депутаттык ишмердик жана этика боюнча комиссиясынын корутундусуз тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулууга тийиш эмес.
Жергиликтүү кеңеште шайлануучу кызматка шайланган депутаттын ыйгарым укуктары бүткөндөн кийин аны ишке орноштурууну тийиштүү жергиликтүү кеңеш камсыз кылат.
Депутаттын жергиликтүү кеңештеги иштеген убактысы муниципалдык кызмат стажына, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланганга чейин иштеген адистиги боюнча иш (кызмат) стажына кошулуп эсептелет. Тийиштүү ишкананын, мекеменин, уюмдун кызматкерлери пайдаланган бардык укуктар жана жеңилдиктер депутат үчүн сакталып калат.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 195, 2014-жылдын 17-июлундагы N 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2000-жылдын 21-январында N 7-8 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А. Акаев |
1999-жылдын 21-декабрында |
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |