Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Бишкек шаары, 2020-жылдын 10-февралы ПЖ № 32
Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүн, 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Майлуу-Суу шаардык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Токмок шаардык кеңешине, Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө айылдык кеңештерине, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешине, Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2020-жылдын 12-апрелине дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн.
4. Баткен облусунун Лейлек районунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Аксы райондорунун, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун, Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун, Ош облусунун Алай, Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын, Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын, Чүй облусунун Токмок шаарынын жана Ош шаарынын мэрлери шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Жээнбеков |