04.11.2025 №997 Салиев Атамбек Токтоматовичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

Салиев Атамбек Токтоматовичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

 

2025-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Салиев Атамбек Токтоматович № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз менен кайрылган.

2025-жылдын 24-октябрында ал талапкер катары каттоо үчүн зарыл болгон документтердин толук топтомун кагаз түрүндө берген.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) Салиев Атамбек Токтоматовичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 1-7/544 КПҮ маалымкатына ылайык Салиев Атамбек Токтоматович “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы аныкталган. Тагыраак айтканда, Салиев Атамбек Токтоматович 2021-жылдын 20-октябрынан 2022-жылдын 20-октябрына чейин (282 күн) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 4-ноябрында болуп өткөн отурумуна Салиев Атамбек Токтоматович онлайн форматта катышып, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты тастыктаган.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 4-ноябрындагы Салиев Атамбек Токтоматовичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Салиев Атамбек Токтоматовичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
  2. Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-ж. 2-ноябры

№ 997