04.11.2025 №970 № 14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жумабекова Турдукан Абдыкарыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
№ 14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жумабекова Турдукан Абдыкарыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2025-жылдын 3-ноябрында (кириш №12/3284) №14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жумабекова Турдукан Абдыкарыевнанын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мурда сунуш кылган шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жана Б.С. Дүйшеналиевди шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, К.С. Жусупбековду финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 101 чечими менен катталган № 14 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жумабекова Турдукан Абдыкарыевнанын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоолору жокко чыгарылсын:
– Дуйшеналиев Ислам Мирланович, шайлоо маселелери боюнча;
– Келдибаев Кубанычбек Акылбекович, финансы маселелери боюнча.
- №14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жумабекова Турдукан Абдыкарыевнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дуйшеналиев Ислам Мирлановичке жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Келдибаев Кубанычбек Акылбековичке берилген каттоо ырастамалары ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын.
- Төмөнкүлөр № 14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жумабекова Турдукан Абдыкарыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
– Дүйшеналиев Болотбек Согушбекович, шайлоо маселелери боюнча;
– Жусупбеков Кубатбек Советбекович, финансы маселелери боюнча.
- Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 4-ноябры
№ 970
