8.12.2025 №1525 М. Абдибаитовдун № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча № 7238 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу боюнча

М. Абдибаитовдун № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 7238 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу боюнча

 

2025-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Р. Акимжанованын ыйгарым укуктуу өкүлү М. Абдибаитовдон № 19 көп мандаттуу шайлоо округунун № 7238 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө даттануу келип түшкөн.

Арыз ээси 2025-жылдын 30-ноябрында № 7238 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жүрүшүндө айрым шайлоочулар бюллетенди толтургандан кийин аны сүрөткө тартып алышканын, добуш берүүнүн жашыруундугу бузулганын, бул факт боюнча акт түзүлгөнүн көрсөткөн. Ошондой эле арыз ээси бул факт шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизгенин белгилеп, көрсөтүлгөн шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну суранган.

Даттанууда көрсөтүлгөн фактылар боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 02-009-2025-009667 менен алгачкы текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө процессуалдык чечим кабыл алынган, анткени көрсөтүлгөн окуяда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кылмыштын курамы аныкталган эмес.

Ошондой эле №19 округдук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарынын материалдарын, участкалык шайлоо комиссиясынан алынган актыларды, түшүндүрмөлөрдү жана добуш берүүнүн жүрүшүнө расмий байкоолорду карап чыгып, даттанууда баяндалган негиздер добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктук негиздерди түзбөйт деген тыянакка келген.

Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 7-декабрында болуп өткөн отурумунда М. Абдибаитовдун даттануусун карап чыгып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматынын негизинде даттанууну канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.

 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35, 36-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. М. Абдибаитовдун № 19 көп мандаттуу шайлоо округунун № 7238 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндөгү даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

1525