29.10.2025 №655 № 27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Алымбеков Искендер Кенешбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2025-жылдын 28-октябрында (кириш №12/2965) № 27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Алымбеков Искендер Кенешбекович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мурда сунуш кылган шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана Б.К. Намазбековду шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 22-октябрындагы № 382 чечими менен катталган № 27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Алымбеков Искендер Кенешбековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбаков Айбек Туратбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
  2. № 27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Алымбеков Искендер Кенешбековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбаков Айбек Туратбековичке берилген каттоо ырастамасы ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын.
  3. Намазбеков Болотбек Касымбекович № 27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Алымбеков Искендер Кенешбековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
  4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
  5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

                                 Төрага                                                                                     Т. Шайназаров

Бишкек ш., 2025-жылдын 29-октябры

№ 655