24.10.2025 №448 № 17 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Асаналиев Аскат Уланбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Н. Аскарбек уулун жана А.И. Искендеровду каттоо жөнүндө

№ 17 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Асаналиев Аскат Уланбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Н. Аскарбек уулун жана А.И. Искендеровду каттоо жөнүндө

 

№17 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Асаналиев Аскат Уланбековичтин 2025-жылдын 23-октябрындагы (кириш № 12/2751) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

  1. Төмөнкүлөр № 17 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Асаналиев Аскат Уланбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

Аскарбек уулу Назарбек, шайлоо маселелери боюнча;

Искендеров Амир Искендерович, финансы маселелери боюнча.

  1. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

                      Төрага                                                                                        Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 24-октябры

№ 448