22.10.2025 №392 Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө
Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 21-октябрындагы отурумда социалдык тармактарды байкоонун жүрүшүндө айкындалган “Талас УТРК” телеканалындагы “Аял ажары” программасында жайгаштырылган видеоматериалдарды “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештиги боюнча карап чыккан.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 21-октябрындагы № 3 чечими менен “Талас УТРК” телеканалына карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 280 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 21-октябрындагы № 3 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына “Талас УТРК” телеканалына протокол түзүп, 280 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. “Талас УТРК” телеканалынын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 22-октябры
№ 392
