22.10.2025 №390 Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө

Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 21-октябрындагы отурумда социалдык тармактарды байкоонун жүрүшүндө айкындалган “Facebook” социалдык тармагындагы “Салтанат Митиева” баракчасында жайгаштырылган видеоматериалдарды “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештиги боюнча карап чыккан. 

Жумушчу топтун 2025-жылдын 21-октябрындагы № 1 чечими менен Матажиев Гулам Кудайбердиевичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.  

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 21-октябрындагы № 1 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Матажиев Гулам Кудайбердиевичке протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Матажиев Гулам Кудайбердиевич Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 22-октябры

390