30.09.2025 №10 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча үзгүлтүксүз ишти, төмөнкү шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 10-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Округдук/аймактык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттары 1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
2. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча жумушчу топтор 2-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы № 131 чечими күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 30-сентябры
№ 10
