29.11.2025 №1511 “News.kg” ЖЧКнын өкүлү Кадыров Алимбек Маматисаковичтин шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө

News.kg” ЖЧКнын өкүлү Кадыров Алимбек Маматисаковичтин шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 28-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө айкындалган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциялык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.

“News.kg” интернет-басылмасында (https://news.kg/) жарыяланган фото- жана видеоматериалдарга ылайык № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Досалиев Эльмир Акуналыевичтин кызыкчылыгында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган.

Жумушчу топтун жыйынында № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Досалиев Эльмир Акуналыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурмаматов Муратбек Рахманбердиевич «News.kg» ЖЧКсы менен талапкердин ортосунда келишим түзүлгөнүн, ага ылайык “News.kg” интернет-басылмасында талапкердин үгүт материалдары жайгаштырыларын түшүндүргөн.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтү түшүрүлгөн фото- жана видеоматериалдарды колдонууга тыюу салынат.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 60 чечими менен “News.kg” ЖЧКсынын өкүлү Кадыров Алимбек Маматисаковичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 60 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына “News.kg” ЖЧКнын өкүлү Кадыров Алимбек Маматисаковичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. “News.kg” ЖЧКнын өкүлү Кадыров Алимбек Маматисакович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                 Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 29-ноябры

1511