28.11.2025 №1496 № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжановичтин арызы жөнүндө

№ 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжановичтин арызы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ахунов Сардарбек Исмаилжановичтин талапкерлерге үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей шарттар түзүлбөгөндүгүнө байланыштуу арызы келип түшкөн.

Арыз ээси № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин тарапташтары үгүт материалдарын жайгаштырууга тоскоолдук кылып жатканын жана кээ бир жарандарга кысым көрсөтүү жатканын текшерип берүүнү суранган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 26-ноябрында (чыг. № 21-81/5791) Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом келип түшкөн.

Токтомдо талапкер С.И. Даут Ахуновдун баннери “Ажва” дүкөнүнүн фасадына дүкөндүн ээси менен макулдашылып илингендиги көрсөтүлгөн. Бирок талапкер А.А. Джалиловдун өкүлдөрү талапкер С.И. Даут Ахуновдун баннерин алып салып, өз баннерин гана илүүнү талап кылышкандыгы аныкталган.

2025-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отурумунда Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Т.К. Алишов, талапкерлер А.А. Джалилов жана С.И. Даут Ахунов чакырылып, угулду.

Жумушчу топ талапкер А.А. Джалиловго карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады.  

         “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 25-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джалилов Азамжан Абдуллажановичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джалилов Азамжан Абдуллажанович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 28-ноябры

№ 1496