27.11.2025 №1471 Жаран А.М. Кожомкулованын № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К.К. Самаковдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду таратканды

Жаран А.М. Кожомкулованын 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К.К. Самаковдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө

 

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 26-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө айкындалган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциалык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.

Facebook” социалдык тармагындагы “Аська Кожомкулова” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.facebook.com/profile.php?id=100086501176493&locale=ru_RU) жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык Кожомкулова Алия Мырзабековна 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Самаков Кубанычбек Карганбековичтин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматты таратып жаткандыгы аныкталган.

“Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 47-беренесине ылайык талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды атайылап жайылткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык же болбосо башка жоопкерчиликке тартылат.

 

Жумушчу топтун 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 45 чечими менен Кожомкулова Алия Мырзабековнага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 47-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 45 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Кожомкулова Алия Мырзабековнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Кожомкулова Алия Мырзабековна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                 Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 27-ноябры

№ 1471